Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

18:30 Жаңы конуштарда үй салып мыйзамсыз иштеп жүргөн он сегиз өзбек жараны кармалды


Ички иштер министрлигинин бүгүн тараткан маалыматына ылайык, Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда Баялиев аттуу кыргызстандык жаран он үч өзбек атуулун Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча комитеттин уруксаты жок иштетип жүргөн. Кармалган өзбек үй куруучулардын башчысы, Анжиян облусунун тургуну У. Негматов Бишкекке мыйзамсыз келгенин билдирген. Учурда сегиз өзбек жаранын өлкөдөн чыгаруу боюнча сотко материалдар даярдалып жатат. Калгандарынын документтери болбогондуктан шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды. Ушул эле күнү Ар-Өргө конушунда мыйзамсыз иштеп жүргөн дагы беш өзбек атуулу кармалды. (EBM)

XS
SM
MD
LG