Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

12:20 Суу-энергетика маселелери боюнча үч өлкөнүн ортосунда сүйлөшүү болду


Ушул жумада Алматыда Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика министрлери жолугушуп, кыш мезгилинде өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты жана бул боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Азаттыкка” өнөр жай, энергетика жана отун-ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков билдирди. Министрдин айтымында, бул сүйлөшүүгө өзбек тарап катышкан жок. Өткөн жумада мындай сүйлөшүүнүн биринчи бөлүгү ошол эле Алматыда өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери катышкан эле. Бирок өзбек тарап сунушталган документке кол коюудан баш тартып, Нарын-Сыр-Дарыяны улут аралык дарыя катары таануу тууралуу маселесин койгон. Кыргыз тарап бул дарыяга андай макам берүү талабына көнгөн эмес. Министр Сапарбек Балкыбеков Алматыда түзүлгөн бул келишим жана Түркмөнстандагы сапарынын жыйынтыктары боюнча эмки жуманын башында маалымат жыйынын өткөрөөрүн кошумчалады. (SM)

XS
SM
MD
LG