Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

“ДОРДОЙ-ДИНАМО” КОМАНДАСЫ АЗИЯ КУБОГУНУН ФИНАЛЫНА ЧЫКТЫ


21-сентябрда Бишкектеги “Спартак” стадионунда Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы менен Тажикстандын чемпиону “Регар-ТадАз” командасы Азиянын Футбол боюнча континенталдык федерациясынын президентинин кубогунун баш байгеси үчүн таймашка чыгат. 19-сентябрдагы жарым финалдык беттешүүлөрдө тажиктердин “Регар-ТадАз” командасы менен түркмөнстандык “Ашхабад” командалары күч сынашты. Ал эми экинчи жарым финалдык оюнда Непалдын чемпиону “Непал Полис Клаб” командасы менен Нарындын “Дордой-Динамо” командасы таймашкан.

Бишкекте өткөн Азиянын Футбол боюнча континенталдык федерациясынын президентинин кубогунун жарым финалдык биринчи беттешүүсүндө Тажикстандын чемпиону “Регар-ТадАз” командасы менен Түркмөнстандын чемпиону “Ашхабад” командалары күч сынашты. Мында негизги убакытта же эки оюндун жыйынтыгында 3:3 эсеби менен эки өлкөнүн чемпиондору тең чыгышып, дагы 30 мүнөт кошумча убакытта таймаш улантылды.

“Регар-ТадАЗ” командасынын капитаны Куршад Махмудов эсепти төрт үчкө өзгөртүү менен командасын ишенимдүү алга сүрөп, түркмөндөрдү утуп алышты. Ошентип, бул оюнда “Регар-ТадАз” командасынын жолу ачылып, баш байгеге талапкердин бири болду.

Ал эми экинчи жарым финалдык беттешүүдө Непалдын чемпиону “Непал Полис Клаб” командасы менен Нарындын “Дордой-Динамо” командасы күч сынашты. Мында “Дордойдун” чабуулчусу, африкалык легионер Давид Тетте башка оюнчулардан айырмаланып, атаандаштардын дарбазасына топту таамай багыттап, эсепти ачты.

Экинчи оюнда дагы “Дордойдун” чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин таамай тепкен тобу эсепти 2:0 кылды. Бирок беттешүүнүн экинчи таймынын 27-мүнөтүндө “Непал Полис Клаб” командасынын чабуулчусу Анант Раж тепкен топ “Дордой-Динамо” командасынын дарбазасынан орун алды. Эсеп 2:1 болуп кыскарды. Андан кийин мөөрөй талашуу курчуп, үчүнчү топтун ээси да “Дордойдун” чабуулчусу Давид Тетте болду.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты, футбол күйөрманы Самарбек Жапаракуновдун айтымында, Непалдын командасынын катарында бир нече африкалык футболчулар ойноп, алардын чеберчилиги жогору экени байкалды.

Ошентип, кыргыз футболунун тарыхында төртүнчү жолу Азиянын Футболдук континенталдык федерациясынын президентинин кубогунун финалына Нарындын “Дордой-Динамо” командасы чыкты. Алар футбол күйөрмандарын кубанычка бөлөп, буга чейин Азия Кубогун эки ирээт катары менен жеңип алышкан.

“Дордой” футбол клубунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбековдун пикиринде, «Дордой-Динамо» командасынын финалдагы атаандашы - тажикстандык футболчулардын даярдыгы дурус, алар менен таймашуу кыйынга турчудай:

- Бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы мелдеш. Азияда футболдун деңгээлин көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Ушул турнирде жарым финалда “дордойчулар” атаандаштарын утуп алдыга чыкканы дурус болду. Эми кыргызстандык жигиттердин тажиктер менен финалда таймашуусу курч мүнөздө болчудай. Аларды быйыл өз жерибизде утуп алууга бардык аракетти жумшайбыз. Себеби, тажиктердин чеберчилиги жогору.

Эки жыл катары менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун жеңүүчүсү болгон Нарындын «Дордой-Динамо» командасына 50 миң америкалык доллар жана Чоң күмүш кубок ыйгарылган. Ал эми экинчи орунду камсыз кылган командага 25 миң доллар байге берилип жүрөт. Бул турнирдин алгачкы жеңүүчүсү Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы болгонун эскерте кетели. Бул азиялык футбол мелдеши быйыл төртүнчү ирээт өткөрүлүп жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG