Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


23-24-сентябрь күндөрү Талас, Нарын жергесинде, Ысык-Көлдүн чыгышында жана Чүй облусунун тоо этектеринде 0…-2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүк түшүм жыйноо иштерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

22-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысык-Көл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23 градус.
Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21 градус.
Баткен облусунда түнүсүн +4…+9, күндүз +18…+23 градус.
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28 градус.
Ысык-Көлдө түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20 градус.
Нарын дубанында түнкүсүн 0…+5, күндүз +17…+22 градус.
Бишкекте ала булут каптап турат. Жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21 градус болот.

Күндүн узактыгы: 12 саат, 10 мүнөт.

XS
SM
MD
LG