Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Р.МАМЫРОВ: ЭЛЕКТР КУБАТТУУЛУГУН ӨЗБЕКСТАНДАН САТЫП АЛУУ ЧЫНЫГЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кыргыз өкмөтү өткөн жумада Түркмөнстанга атайын делегация жиберип, алардан газ, электр кубатын алуу аракеттерин баштады. Учурда болсо жалпы Кыргызстан күнүнө 8 саат жарыксыз калып энергетикалык кризистин четин башынан кечирип жатат. “Азаттыктын” таңкы маектешүүсүндө Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылыштагы депутаты, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, КМШ мамлекеттеринин эмгек сиңирген энергетиги Райымбек Мамыровду кепке тартып, мына ушул маселе тууралуу сөз болду.

-Райымбек мырза, жогоруда айтылгандай кыргыз бийлиги Түркмөнстандан газ менен электр энергиясын алууга аракет кылып жатат. Бул иш жүзүндө канчалык деңгээлде мүмкүн?

-Газды мурдатан эле Өзбекстандан импорттоп келгенбизди билесиңер. Түрмөнстан менен сүйлөшүүлөр деле болуп келген, бирок бул жерде техникалык маселелер бар. Анткени газды да, электр энергиясын да Өзбекстан, Казакстан аркылуу алып келүүгө аргасызбыз.

Мындай учурда газды алып келүүгө мүмкүнчүлүк болсо да, электр кубатын Түркмөнстандан импорттоо абдан чоң техникалык себептерге алып келип такайт. Анын ичинде ошол электр энергиясын ташууга кеткен каражаттар, линияларды өткөрүү сыктуу маселелер бар. Демек, газды болбосо да электр энергиясын алып келүү кыйыныраак.

-Энергетикалык кризистин алдын алдын алуу үчүн Кыргызстан коңшуларынан электр кубатын сатып алууга аргасыз экендигин сиз да айтып жүрөсүз. Эгер Казакстан 250 млн кВтан ашык электр кубатуулугун бере албаса, Түркмөнстан алыста, демек, бир гана Өзбекстан калат. Бирок өзбек тарап макул болобу?

-Электр энергиясын импорттоо бүгүнкү күндүн фактысы, маселеси болуп эсептелет. Анткени абал ушундай болуп калды. Импорттоодо Орусияга деле кайрылсак болмок, бирок ал жактан алып келүү да Түркмөнстан сыяктуу эле өтө көп техникалык чыгымдарды талап кылат. Бир гана реалдуусу -Өзбекстан болуп турат.

Өзбекстандын мүмкүнчүлүктөрү бар, энергетик катары мен аны жакшы билем. Алар менен сүйлөшүү гана керек. Ал жерде 80-90 пайыз электр энергиясы жылуулук станцияларында иштелип чыгат. Алардын өздөрүндө көмүрү менен газы жетиштүү.

Бирок белгилеп кое турган бир нерсе электр энергиясын импорттоо ушул күндөрү, анча суук боло элек кезинде ишке ашырылууга тийиш эле. Сүйлөшүү жолдору менен чечүү керек, бул чечиле турган эле маселе.

-Демек өзбек тараптан электр кубатын кышка эмес, азыр пайдалануу үчүн алуу керек турбайбы.?

-Ооба азыр алуу керек. Себеби сууну азыр үнөмдөй турган болсок, 1-1,5 млрд кВт электр энергиясынан үнөм болгон сууга кыш күчөгөн декабрь, январь, февраль айларында көбүрөөк электр энергиясын иштеп чыгарса болот. Анткени суунун деңгээлине жараша 1 кВт саатка кеткен суунун чыгымы азыраак болуп, көбүрөөк иштеп үнөмдөөгө болмок.

-Сиз өзүңүз да Токтогул ГЭСи жайгашкан тараптагы кичи мекениңизге барган учурда суу сактагычтын абалына кызыгып, таанышып жүрсөңүз керек. Чындыгын айтсаңыз, учурда топтолгон суу Кыргызстанды кыштан чыгарууга жетеби?

-Жетпейт. Бул көрүнүп эле турат. Муну мен эле эмес, өкмөттө иштеп жүргөн энергетиктер да билишет. Режим деп коюшат, ошого жараша кыш бою үнөмдөй турган болсок дагы, кайра эле жаздын апрель айларына быйылкы жылдын деңгээлинде, башкача айтканда 6 млрд кубдун тегерегиндеги суу менен чыгып калышыбыз мүмкүн. Бул деген кайра эле былтыркыга караганда да көбүрөөк өчүрө турган, көбүрөөк үнөмдөй турган кырдаалга, кыйынчылыкка алып келет.

-Эгер өзбек тараптан электр энергиясын импорттогон күндө канча кВт саат жетет?

-Менимче 1,5 млрд кВт саатка сүйлөшүп туруп, анын ичинен 1 млрд кВт саатын акчага сатып алып, калган 500 млн кВт саатынын акысын жайкы, жазгы суу менен бере турган, электр энергиясы менен алмаштырабыз деген жол менен келишим түзүүгө жетишсе абдан жакшы болмок. Анткени бул эки жакка тең пайдалуу болмок.

Эң жакшысы –Токтогул ГЭСинде суу бир аз үнөмдөлүп, 1-апрелге 7 млрд куб тегерегинде суу менен чыгып кала тургандай болсок, анда эмки жылы биз үчүн да, коңшулар үчүн да жакшы болмок. Андан кийин 2010-жылдарда Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээлин белгилүү өлчөмгө жакындатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт эле.

-Райымбек мырза, чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG