Венесуэла өкмөтү “Human Rights Watch” уюмунун эки өкүлүн өлкөдөн чыгаруу өкүмүн окугандан бир саат өтпөй, активисттер учуп кетүүгө мажбур болушту. Атүгүл жергиликтүү мамлекеттик маалымат булактары алардын кийимдерин чогултуп кетип жатканын сыналгы аркылуу көрсөтүштү.
Жозе Мигел Виванко (Jose Miguel Vivanco) - аталган уюмдун укук бөлүмүн жетекчиси. Даниел Вилкинсон (Daniel Wilkinson) - анын орун басары. Экөө тең “бизге кооптуу кылмышкерлерге кылгандай мамиле жасалды” деп кабатыр.
Расмий Венесуэла мындай чечим “Human Rights Watch” уюмунун өкүлдөрү өлкөгө мейман визасы менен киргендиги үчүн миграциялык мыйзамдарды одоно бузушкан деген жүйөөсүн келтиришүүдө.
Венесуэланын Байланыш министри Андрез Изарра (Andrez Izarra) журналисттерге буларды айтты:
- Бизде “Human Rights Watch” уюмунун ишмердүүлүгү Венесуэладагы соңку саясий толкундоолорго түрткү болуп, ал түгүл мамлекеттик төңкөрүш жасаганга далалат кылгандыгынан күмөнүбүз жок. Бул уюм Венесуэланын ички саясатына АКШнын жана ага кызмат кылган айрым төбөлдөрдүн түздөн түз кийлигишүүсүнүн куралы.
Деген менен өкмөттүн мындай иш-аракети жадакалса Каракас шаарынын тургундары тарабынан да толук колдоо тапкан жок. Луис Карре мындай дейт
- Менимче биз демократиялык өлкө экенибизди эске алганда “Human Rights Watch” уюмунун өкүлдөрүн чыгаруу мыйзамсыз болду.
Виванко менен Вилкинсон Венесуэлага Уго Чавездин он жылдык башкаруусунан кийин келип чыккан көйгөлөрдү чагылдырууга келишкен. Алар Венесуэланын президентин жана анын өкмөтүн өлкөдө адам укуктарын басмырлап жатат деп айыпташкан болчу.
Сөз эркиндигинин айланасындагы абал “Human Rights Watch”уюму тарабынан биринчи кезекте чагылдырыла турган көйгөйлөрдүн бири. Соңку баяндамасында аталган уюм Венесуэланын өкмөтү жергиликтүү аткаминерлердин беделине шек келтире турган маалымат булактарындагы макала үчүн чоң айыппулга жыгуу мыйзамын кабыл алгандыгына расмий Каракасты сындаган болчу.
Туура бир апта мурун Уго Чавез АКШнын элчисин да Венесуэладан чыгарттырып жиберген. АКШнын мамлекеттик департаментинин баш катчысы Кондолиза Райс Венесуэланы авторитардык өлкө деп кескин сыпаттаганы бар.