Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

18:20 Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи” эс алуу жайынын жаңы директорун жергиликтүү эл кызматтан кетишин талап кылууда


Бостери айылынданы “Кыргыз деңизи” эс алуу жайына жаз алды менен Рахим Жумабеков жаңы директор болуп келген. Эс алуу мезгилинде өң-тааныштарын иштетип, жергиликтүүлөргө жумуш бербей, мурдагы кызматкерлерди бошотуп атканын билдирген тургундар нааразылыкка чыгып, жергиликтүү бийликке кайрылышты. Бул эс алуу жайында 30 жылдан ашык дарыгер болуп иштеген Алмагүл Асакеева жумушсуз калган. Бирок айтылган дооматтарды четке каккан Рахим Жумабеков пансионатты жергиликтүүлөр мурункудай каалагандай пайдаланууга уруксат бербей койгонуна байланыштуу дейт. “Кыргыз деңизи” эс алуу жайы “Кыргыз алтын” ишканасына таандык. (RB)

XS
SM
MD
LG