“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун жетекчилигине жана эсеп кысабына өндүрүштүк базаны арзандатылган баада саткан, Ысык-Көлдүн жээгиндеги жер участкаларын мекемеге тиешеси жок адамдарга соодалап жиберген, кызматтык иш боюнча сапарларга кеткен чыгашалар мыйзамсыз көп төлөнүп берилген деген айыптар тагылууда.
Эсеп палатасынын өкүлү Нурлан Досалиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, “Кыргызтелеком” өзүнүн Ысык-Көлдөгү өндүрүштүк базасын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин макулдугусуз эле беш миллион сомго сатып жиберген. Анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке болжол менен 75 миллиондой сом түшпөй калган:
- Ал эми жерлерди сатуу боюнча алып карасак, мында да Мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин макулдугу жок эле Чолпон-Ата шаарында жайгашкан РРС-9 деген радиолинейдик станциясынын аймагынан 27 кишиге жер үлүштөрү сатылган. Бул 27 адамдын ичинен 6 адам “Кыргызтелекомго” такыр тиешеси жок экени аныкталды. Кызматык иш сапарга чыгымдарды негизсиз көп төлөп берген фактылар да аныкталды, 3 млн сом ашыкча төлөнүп берилген. Алар бухгалтериянын жетекчилиги менен макулдашылбай төлөнгөн.
Ошондой эле Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттик текшерүүдө жасалма квитанциялардын негизинде кызматтык иш сапарга деп 1 млн. 740 миң сом “сол чөнтөккө” салынганы аныкталган.
Өз кезегинде “Кыргызтелекомго” тиешелүү бардык иш кагаздар, мекеменин эсеп чарбасы тергөөгө алынды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун билдиргенине караганда, учурда “Кыргызтелекомго” байланыштуу фактыларды дагы бир жолу иликтөө үчүн ИИМдин коррупцияга каршы башкармалыгы алдын ала тергөө иштерин жүргүзүүдө:
- “Кыргызтелекомдун” жоопту кызматкерлери, жетекчилиги 2006-жылдан бери жүргүзгөн документтердин барын тактап, аныктап жатабыз. Анткени учурда айтылып жаткан сумма кийин мындан да чоң болушу мүмкүн. Алдын ала тергөөдө мыйзам бузуу фактылары такталса, анда кылмыш ишин козгоп, тиешеси бар адамдарды дароо жоопко тартса болот.
Бакыт Сейитовдун белгилешинче, коррупцияга байланыштуу негизинен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу, пара берүү, мамлекетке тиешелүү акчаларды кымтып алуу сыяктуу фактылар көп катталууда.
Мына ушинтип ИИМ коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз деп, көптөгөн мыйзам бузуулар катталып жаткандыгы айтылганы менен күнөөкөрлөрдүн көбүнесе жоопко тартылбай келатканы коомчулукта жашыруун сыр деле эмес.
“Кыргызтелеком” ишканасынын эки жылдан бери жүргүзүп келаткан иш аракеттери мамлекетке ири өлчөмдө чыгаша алып келди деген негизде тергөө иштери жүрүп жатканда “Кыргызтелекомдун” жетекчилиги аларга карата тагылып жаткан айыптардын негизсиз экенин билдиришүүдө. Аталган ишкананын жетекчиси Марат Мамбеталиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда:
- Булардын жазып чыккандары азырынча далилдене элек. Биз бул фактылар боюнча Эсептөө палатасы менен 2,5 айдан бери талашып келатабыз. Алар текшерип “булар туура эмес” деп жатышат, кызмат сапары боюнча чыгашалар, квитанциялар жасалма деп атышат. Эми алар кантип эле жасалма болсун. Бардык жерде мөөрлөр коюлган. Ал эми өндүрүштүк базанын арзан баада сатылганы боюнча айтсам, баалоону биз эмес, көз карандысыз эксперт жасаган, бардыгы тиешелүү мекемелердин макулдугу менен болгон. Эгерде биз тараптан чындыгында эле ошондой мыйзам бузуулар болсо алар дароо эле кылмыш ишин козгошу керек эле да. Азыр болгону тергөө гана болуп жатат, бирок “уурдоо” деп далилденгенсип жазып атышат. Биздин күнөөлү же күнөөлү эместигибизди сот гана чечет да.