Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Пакистан АКШнын эки тик учагын көздөй ок чыгарды


Пакистандын коопсуздук чөйрөсүн тейлеген расмий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, америкалык эки тик учак өлкөнүн аба мейкиндигин бузганы үчүн аткыланды. Аткылоодон соң алар кайра артка кайтып кеткен. Окуя кечээ кечинде ооган-пакистан чек арасындагы Түндүк Вазирстан провинциясында болгон. Бул жер талип жана "ал-Каида" согушкерлери жашырынып жүргөн аймак катары эсептелинет. АКШ армиясы тик учактарынын аткыланышын азырынча комментарийлей элек. Бул кабарларга караганда, америкалык тик учактардын пакистандык күчтөр тарабынан ушул айда эле экинчи ирээт аткыланышы.

Белгилей кетүүчү жагдай, АКШ баштаган коалиция күчтөрүнүн согушкерлерге каршы Ооганстан аймагынан Пакистан аймагына кирип рейд өткөрүүсүнө карата акыркы апталарда Пакистанда нааразылык күчөп жаткан.

XS
SM
MD
LG