Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

МАГАТЭнин башкатчысы Иранды жана уюмдун мүчөлөрүн кызматташууга чакырды


Мохамед эл-Барадейи Иранды ал жетектеген агенттик менен өзөктүк куралга тиешеси бар соңку долбоору боюнча калган суроолорго жооп берүү үчүн иштешүүгө чакырды. Ал ошондой эле МАГАТЭнин мүчөлөрүн уюмдун инспекторлору түрдүү чалгын кызматтардын Ирандын айыбын ачкан документтеринин түп нускасын Тегеранга көргөзүүсүнө мүмкүндүк берүүгө үндөдү. Мохамед эл-Барадейи 35 өлкө мүчө уюмдун башкаруучулар кеңешинин бүгүнкү жыйынында белгилегендей, МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы аскерий мүнөзгө ээ же жок экендигин аныктоо ишинде азырынча олуттуу жылыш жасай алган жок.

XS
SM
MD
LG