Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Пакистанда Ооганстандын башкы консулу уурдалып кетти


Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаарында башкы консул Абдул Халик Фарахи бара жаткан автоунааны алгач белгисиз куралчандар аткылаган. Андан айдоочу каза тапкан, ал эми дипломаттын өзүн уурдап кетишкен.

Абдул Халик Фарахи жакында Ооганстандын Пакистандагы элчилигине көтөрүлгөн. Бирок кызматка кирише элек болчу. Дипломаттын уурдалышы үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Султан Ахмед Бахин ооган консулунун Пакистанда барымтага алынышы тууралуу бүгүн “Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна мындай деп билдирди:

- Биз Пакистандын иштери боюнча убактылуу өкүлүн Ооганстандын Тышкы иштер министрлигине чакырдык. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары бул окуя тууралуу терең тынчсыздануусун билдирди жана Пакистан бийлик өкүлдөрүн Фарахи мырзаны аман-эсен бошотуп алуу үчүн бар аргасын жасоого чакырды.

Бул аралыкта Ооганстан жана Пакистан террорчулукка каршы кызматташууну макулдашты. Ооган президенти Хамид Карзайдын кеңсесинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, бүгүн ал Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани менен телефондон сүйлөштү.

Эки лидер террорчулукка каршы күрөштө кеңири кызматташтык жана биргелешкен стратегия зарылдыгын белгилешкен. Ишемби күнү кечинде Исламабаддагы Мэрриот мейманканасында жанкечти жасаган жардыруудан кеминде 53 киши каза тапты. Пакистан тарап жардыруу "ал-Каида" менен байланышы бар талип согушкерлеринен көрүүдө.

XS
SM
MD
LG