Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

9:20 Өлкө башчысы К.Бакиев Пакистандагы жардырууга көңүл айтты


Пакистандын президенти Асифу Али Зардариге жолдогон кайрылуусунда мамлекет башчы Курманбек Бакиев 20-сентябрда Исламабаддагы мейманканадагы террордук жардырууну өтө катаал адамгерчиликсиз акция катары баалады. Ал ошондой эле дүйнөлүк коомчулукту эл аралык террорчулукка каршы биргелешип күрөштү күчөтүүгө чакырды. Тышкы иштер министирлигинин маалыматына караганда Исламабадда болгон жардыруудан каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын атуулдары жок. 20-сентябрда Исламабад шаарындагы “Мариотт” мейманканасында террорчу-жанкечти мина салынган автунаа менен мейманкананын дарбазасын сүздүрүп барып жардырган. Катуу жарылуудан 60 адам каза болуп,200 адам жаракат алган. Кабарларда айтылгандай каза болгондордун жана жаракат алгандардын дээрлик көбү чет өлкөлүк жарандар болгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG