Бүгүн Кыргызстан мамлекеттик медициналык академиясынын имаратынын жанында өлкөнүн медицинасына зор эмгек сиңирген хирург, академик Иса Ахунбаевдин эстелигин куруу үчүн атайын белгиленген жерге таш белги коюлду. Учурда Илимдер улуттук академиясында “ Академик Иса Ахунбаевдин мезгили жана мейкиндиги” деген аталыштагы мемориалдык конференция өтүүдө. Ошондой эле эртең Иса Ахунбаев туулуп-өскөн Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында академиктин бюсту ачылып, анын өмүр жолуна арналган митинг болот. Ахунбаевдин 100 жылдык мааракесине байланыштуу иш чаралар 25-сентябрда Тарых музейинде И.Ахунбаевдин өмүр жолуна арналган фото-көргөзмө уюштурулуп, мааракенин урматына салтанаттуу жыйын өткөрүлөт. (AJ)