Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

16:50 Нарындык бир катар мугалимдер өкмөттү сотко беришет


Нарын облусунун айрым мугалимдери 2003-жылдан берки мугалимдик иш тажрыйбасы үчүн берилчү кошумча акчаны бөлүп-бөлүп бербестен, толук түрдө таркатылсын деп талап кылышууда. Бул маселе боюнча алар бүгүн президент Курманбек Бакиевге, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кайрылышты. Нарын аймагындагы мектептерден келген 57 өкүлдүн катарында мугалимдер менен бала-бакчалардын кызматкерлери дагы бар. Алардын айтымында, төлөмдөрдүн берилбей жатышына каржы мнистрлиги күнөөлүү. Эгерде бул маселе жакын арада чечилбесе, мугалимдер нааразылык акциясына чыгып, каржы министри Тажикан Калимбетова менен премьер-министр Игорь Чудиновду сотко берүүгө даяр экендерин билдиришти. Мугалимдердин иш тажрыйбасы үчүн кошумча акчаны төлөп берүүгө казынадан 102 млн. сом керектелет. (ImA)

XS
SM
MD
LG