Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн өлкөнүн түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө талипчил жоочуларга каршы улантылып жаткан аскердик өнөктүгүнө каршы нааразылык иш-чарага чыккан демонстранттар өкмөттүк аскерлер менен кагылышууга барды. Бул окуя бүгүн Мангора шаарында болду. Нааразылык жыйынына чогулган 20 миңдей киши эки банкты өрттөп, аларды тынчтандырууга келген аскерлерге каршы таш жаадырганда, жоокерлер жаш агызчу газдан тышкары курал-жарак колдонгону, бери дегенде алты карапайым киши набыт болгону кабардалды.