Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

24-СЕНТЯБРЬ: “ТАРЫХ БАРАКТАРЫ”


1933-жылдын 24-сентябрь күнү Кыргызстан обком партиянын биринчи катчысы Александар Шахрай менен Элдик комиссарлар кеѕешинин төрагасы Юсуп Абдрахмановдордор кызматынан алынган. Кыргыз улуттук искусство өрнөктөрү «Мурас жана учур» деген аталыш менен Москва шаарындагы Мамлекеттик Чыгыш музейинде 2003-жылдын 24-сентябрь күнү көргөзүлгөн.

Кыргыз Автономиялык областынын партия комитети менен ВКП (б) Контролдук комиссиясынын областтык президиумунун 1933-жылдын 24-сентябрь күнкү биргелешкен жыйынында уюштуруу маселеси каралган. Жыйында Кыргызстанда жыйналган эгинди мамлекет кампасына төгүү компаниясын үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн обком партиянын биринчи катчысы Александар Шахрай менен Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Юсуп Абдрахмановдордор кызматынан алынган.

Кыргыз областтык партия комитетинин биринчи катчылыгына Москвадан жөнөтілгөн Морис Белоцкий, Элдик комиссарлар кеѕешинин төрагалык кызматына мурдагы партиялык комитеттин экинчиси катчысы Баляы Исакеевди шайлашкан.

Совет мамлекети жаңыдан тарагандан кийин, 70 жыл бою келиштирилген экономикалык байланышты сактап калуу аракет жасала баштаган. Шериктештик мамлекеттеринин көмүр жана темир өнөр жайларындагы мамилени жандандыруу максатында 1993-жылдын 24-сентябрында «Евроазиялык мамлекет аралык көмүр жана темир бирикмеси уюшулган. Уюмга Кыргызстандан тышкаары, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина республикалары кирген.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрдигинин демилгеси менен 1996-жылдын 24-сентябрында «Кыргызстан жана Россия-XXI кылымда» аттуу эларалык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Кыргыз маданият күндөрүн Москва шаарында өткөрүү жөрөлгөсү совет мезгилинде эле башталган. Кыргыз чеберлеринин Москва искусство күйөөрмандарына кыргыз маданият жетишкендиктери менен биринчи жолку тааныштыруусу 1939-жылы болгон. Советтер Союзу тарагандан кийинки Кыргызстандын улуттук искусство үлгүлөрүнүнүн көрсөтүлүшү 2003-жылдын сентябрь айында жасалган.

Кыргыз маданият күндөрүнүн алкагында улуттук искусство өрнөктөрү «Мурас жана учур» деген аталыш менен Москва шаарындагы Мамлекеттик Чыгыш музейинде 24-сентябрь күнү көргөзүлгөн.

Бириккен Улуттар уюмунун сот жана адвокаттардын күңкорсуздук маселеси боюнча атайын баяндамачысы Леандро Деспои 2005-жылдын 24-сентябрында, Кыргызстандын калкы азыр да сот акыйкаттыгына ишенишпейт, деп билдирген.

«Манас» эл аралык аэропортунда орун алган америкалык аскер күчтөрүнө караштуу учкучтар, 2005-жылдын 24-сентябрында Чүй областына 80 миң тонналык күйүүчү майларды төгүшкөн. Кыргызстандык эколог адистердин маалыматына караганда, учкучтардын мындай аракети областтын жүздөгөн гектер жерлерине зыян келтирген.

Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевдин 2002-жылдын сентябрь айында Америка Кошмо Штаттарга жасаган расмий визитинин алкагында, 24-сентябрь күнү мамлекет башчысы америкалык конгресс спикери Деннис Хастерт менен жолугушкан. Кыргыз президенти эгер, Нидерландия «жоогазындардын мекени болсо, Кыргызстан бейөкмөт уюмдардын өлкөсү», деп билдирген.

Анткен менен америкалык тарап, 2001-жылдын январь айынан бери камакта жаткан мурдагы вице-президент Феликс Куловдун проблемасын козгоп, президентке Кыргызстанда адам укуктары бузулуп жаткандыгын билдирген кат тапшырышкан. А. Акаев катты өлкөнүн Жогорку Сотуна жолдой тургандыгын билдирген.
XS
SM
MD
LG