Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

ОШ: 2009-ЖЫЛДЫ “ЖАШТАР ЖЫЛЫ” ДЕП ЖАРЫЯЛОО ДЕМИЛГЕСИ


Жанарбек Акаев, Ош Өткөн жумада кыргыз президенти Курманбек Бакиев Ошко сапар менен барган учурунда жаштар уюмдарынын бир катар өкүлдөрү келаткан 2009-жылды «Жаштар жылы» деп жарыялоону сунуш кылышты. Студенттердин атынан сүйлөгөн жаштар соңку жылдары жаш кадрлардын чет-мамлекеттерге массалык түрдө кетүүсүн, жергиликтүү бийликтер айыл жаштарынын көйгөйлөрүнө көңүл бурбай жатышканын айтышты. Президент болсо оштук жаштардын демилгесине ачык жообун берген жок.

Президентке мындай сунушту Оштогу жолугушуу учурунда «Жаш кадам» уюмунун жетекчиси Сонунбек Жунусбаев айтты. Сонунбек Жунусбаев «Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери» боюнча комитетинен жаштар менен иш алып барууну бөлүп, өзүнчө структура кылып түзүү зарыл деген ишенимин билдирген:

- Менин сунушумду Кыргызстан элинин 39 пайызын түзгөн жаштардын суранычы катары кабыл алып коюшуңузду суранам. Жаштарды бүгүн «Спорт, дене тарбия» комитетинен бөлүш керек. Ушул нерсени эске алып, келе жаткан 2009-жылды «Жаштар жылы» деп жарыялап берсеңиздер. Жаштар муну абдан жоопкерчиликтүү иш катары кабыл алат элек.

Жаштардын дагы бир өкүлү, Ош Технологиялык университетинин акыйкатчысы Изат Беркмаматов азык-түлүк каатчылыгы студенттерге да чоң кедергисин тийгизип жаткандыгын айтып, стипендиянын көлөмүн эки эсеге жогорулатуу зарыл экендигин белгиледи. Ошондой эле жогорку окуу жайын мыкты аяктаган жаш адистер өз мекенинде дурус жумушка орношо албай, чет-мамлекеттерге иш издеп кетип жатышканын, бул көрүнүшкө өкмөт тийиштүү деңгээлде көңүл бурушу абзел экенин айтты:

- Бүгүнкү күндө студенттердин экономикалык абалы өтө оор десем жаңылышпайм. Анткени биз алган 270 сом стипендия эч нерсеге жетпей калды. Стипендияны жогорулатууну жеке өзүңүз көзөмөлдөп койсоңуз жакшы болмок. Анан да учурда көптөгөн мыкты бүтүрүүчүлөрүбүз чет-өлкөлөргө кетип жатышат...

Тилекке каршы, жалындуу сүйлөгөн жаштардын тикелей өтүнүчтөрүнө президент ушундай эле даректүү жооп айткан жок.

- “Ар бир суроо, өтүнүчтөрүңүздөргө биздин тиешелүү бөлүмдөр иштейт. Сиздер айткан маселелерди сөзсүз чечишке аракет кылабыз”, - деди президент К.Бакиев.

Оштогу «XXI кылымдын демилгечилери» коомдук жаштар фондусунун президенти Түгөлбай Абдумаликовдун пикиринде, А.Акаев мезгилинде да, азыркы бийлик тушунда да чоңдорубуз жогорку трибуналарда «Жаштар биздин келечегибиз, эртеңибиз» деп ооз көптүргөнү менен, жаштарга тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай келет.“Келерки жылды өкмөт «Жаштар жылы» деп жарыялаган күндө деле жаштарга ылайык конкреттүү программа сунуштай алышаарына ишенбейм”, - дейт Түгөл мырза.

- Бул жерде жаштар жылын жарыялаш керек деп кыйкырып жатабыз, бирок анын «Аты улук, супурасы курук» бойдон эле калбастан, «Жаштар жылы» деп жарыяланып, ошого жараша реалдуу иштей турган программаларды сунушташса гана кичине өзгөрүү, өнүгүү болушу мүмкүн.

Оштогу жаштардын сунушу боюнча “Азаттык” кыргыз президентинин маалымат катчысы Нурлан Шакиевге кайрылган. Анын айтымында, “жаштар” жылы деп буга чейинки бийликтин учурунда деле декларативдүү мүнөздөгү чакырыктар болгон. Бирок андай аракеттерден майнап чыккан жок.

“Жаштар проблемаларына бир эле жылдын же кайсыл бир мезгил аралыгында гана көңүл бурбай, аны дайыма ишке ашырып туруу зарыл. Азыр президентибиз жаштардын маселесине жакшы көңүл буруп жатат, парламентке жаштар келишти, мамлекеттик кызматтарга да тартыла башташты. Бир эле мисал – мен өзүм”, - деди Нурлан Шакиев.

XS
SM
MD
LG