Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

09:05 Өлкө аймагында күйдүргү ылаңын жуктурган 46 адам катталды


Жалал-Абат облусунда 25, Ош облусунда 6, Баткен облусунда 6, Чүй облусунда 5, Талас облусунда 2, Ош шаарында 2 адам күйдүргү ылаңын малдан жуктуруп алышып ооруканага кайрылышкан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 23-сентябрда буга байланыштуу өкмөттө кеңешме өткөрүлүп күйдүргү ылаңына каршы күрөштү күчөтүү, анын алдын алуу маселеси каралып, Ветеринардык кызматтын жетекчисине сөгүш берилген. Бул маселени келерки жылдын январь айында өкмөттө кайтадан кароо боюнча чечим кабыл алынган. (AJ)

XS
SM
MD
LG