Парламенттин 2-3-октябрда өтүүчү пленардык жыйыны айт күнүнө байланыштуу 29-30-сентябрга жылдырылды. Анда Салык кодексинин жаңы долбоорун экинчи окуудан өктөрүү күтүлүүдө. Бул маселе добушка коюлуп аны 51 депутат колдоп берди. Регламент боюнча Жогорку Кеңеш пленардык жыйындарын бейшемби, жума күндөрү өткөрсө, комитеттер дүйшөмбү, шейшемби,ал эми фракциялар шаршемби күнү жыйын өткөрөт. Учурда Жогорку Кеңеште Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланууда. (AJ)