Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:57

ШАЙЛОО КЕЛАТАБЫ ЖЕ ШАЙТАН КЕЛАТАБЫ?


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

“Жаңырык апта” гезити жакында шайлоо ызы-чуусун жакшы түшүнгөн президент К. Бакиев: “Мага жагынам дебей эле койгула, эл шайлоолордо өзү тандасын” деген болчу, бирок президенттин сөзүн уруп ойнобогон чиновниктер дагы эле өз билген намазын окуп жатканын Нарын шаарынын башчысын шайлоого байланыштуу болуп өткөн окуянын мисалына таяп, шайлоо комиссиясынын ошонун кесепетинен кызматынан кеткен мурунку төрагасы Кадыркулов Мырзабек менен маектешүүсүн окурмандарга сунуш кылды.
Кадыркулов Нарын шаарынын мэрлигине президент тарабынан сунушталган талапкер өтпөй калганын, ошондо облус губернатору Өмүрбек Субаналиев баш, орунбасарлары төш болуп бюллетень салынган урнаны сыртка алып чыгып кетишкенин, бул деген мыйзам бузуу болуп саналаарын, анткени Шайлоо кодексинде: “Урна шайлоо болуп аткан жерден эч кайда чыкпашы керек” деп жазылганын, көрсө облус жетекчилиги алдын ала баарына тапшырмаларды берип, ушул талапкерди өткөрөсүңөр деп алдын-ала бюллетендерди даярдап коюшканын, ал ушул иштерди көрүп туруп каршы болгонун, акыры бийлик ойлогондой болбой калганда губернатор Ө. Субаналиев: “Энеңди...” деп сөккөнгө чейин барып, “аппарат жетекчи экөөңөрдү жоготом” дегенин, айткандай эле саат 4тө аппарат жетекчисин, саат 6да Боршайкомдун көрсөтмөсү менен өзүн кызматтан четтеткенин кеп кылуу менен бүгүн ушул система өкүм сүрүп турганда эч качан адилеттүүлүк болбой тургандыгына ынандым, бул бийлик турганда Боршайком да, сот да көз карандысыз иштей албастыгына көзүм жетти. Мени дагы бир таң калтырганы Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси таза, так иштеген өз кадрын коргоп алуунун ордуна обладминстрацияга тизе бүгүп бергени анын адилетсиздигинен кабар берип турат. Демек, Кыргызстанда эч убакта таза шайлоо өтөөрүнө ишенүүгө болбойт деп айтты. Кабарчынын: “Өмүрбек Субаналиевдин ишине кандай баа бересиз?” деген суроосуна Мырзабек Кадыркулов: “Нарында ушу тапта кадрларды талкалоо процесси башталды. Эл ишеним көрсөтпөгөн адамды обладминстрациянын аппарат башчылыгына дайындап алды. Ушул окуядан кийин орус элинин: “Жөнөкөй адамды милийса кылыш оңой, ал эми милийсаны адам кылыш кыйын” деген сөзү бекер айтылбаганына түшүндүм” деп жооп берди.

Гезитке интервью берген дагы бир саясатчы, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору А. Жекшенкулов күзүндө элдик курултай болоорун, оппозиция жаңы программаны ошондо сунуш кылаарын, эгер эл ичинен бийликти кетиребиз деген сунуш түшсө аны ишке ашырганга аракет кылышаарын, кокус президент системаны өзгөрткөнгө макул болсо, парламент таратылып, өкмөт кайра түзүлөөрүн белгиледи.

“Аалам” гезити саясый баяндамачы Үсөн Касыбековдун алдыда өтө турган шайлоо өнөктүгүнө ой калчаган макаласын тартуулады. Кыл чайнашкан катуу эрегиш Бишкекте өтөрү анык болуп калды, ар бир 11 округдан шайлана турган 4 депутаттык мандатка орто эсеп менен 37 талапкер катталды, ал эми №1 Университет шайлоо округунан 62 талапкер ат салышканы турат деп белгилеген Үсөн Касыбеков, бул жолку шайлоодо социалдык-экономикалык терең кризиске байланыштуу элдин ичинде бийликке болгон нааразылык чегине жетип турганын, эгер өткөн шайлоодогудай көз көрүнөө кысымчылык жасала турган болсо ичи ачышып калган шайлоочулардын нааразылыгы эки эселеп өсөөрүн, толкун жарылаарын, элдин өңгөсүн кечирсе да ачыктан-ачык зордук-зомбулукту кечирип коюшу кыйын болоорун, “Ак жолдун” жолоюна салып шайлоону бурмалоо өтө опуртал жагдайды түзүшү мүмкүндүгүн, ошондуктан бийлик үчүн баарынан жакшысы-админстративдик ресурстарга азгырылып кетпей шайлоону калыс өткөрүү керектигин баяндады.

Ушул эле гезит “Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таанууда Кыргызстан кандай позицияны карманышы керек?” деген суроого жооп издеп, бир катар саясатчыларга кайрылганда коомдук ишмер И. Абдуразаков, азыр дүйнө экиге бөлүнүп турат, коңшуларыбыз да бул маселени чечүүгө шашкан жок, ошондуктан биз дагы өтө этият болушубуз керек, анын үстүно бир тарапты колдогонубуздан эч нерсе өзгөрбөйт, башкасы менен мамилебизди бузуп алабыз, деп, академик А. Эркебаев, Абхазия менен Түштүк Осетияны таануунун зарылдыгы жок, анткени бул өтө опурталдуу нерсе деп айтты. Мударис К. Исаев, бул жерде АКШ менен Орусиянын кызыкчылыктары кагылышып жатканын, ошондуктан эки өлкөнүн көз карандысыздыгын толук колдоо зарылдыгын, негизи Орусиянын да, АКШнын да аскер базаларын киргизүү ката болгонун, бирок Орусияны колдоо керектигин айтса, белгилүү саясатчы Т. Тургуналиев, Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын эч качан тааныбашыбыз керек, анткени алардын эгемендигин БУУ менен ЕККУ сяыктуу чоң уюмдар да тааныбайт, эгер булардын көз карандысыздыгын таанысак, Абхазия менен Түштүк Осетия Орусиянын марионеткасына айланат, биз аларды таанысак, эртең Сох, Шахимардан, Жигитпирим өңдүү жерлерибизди Өзбекстанга тарттырып коюшубуз мүмкүн деп айтты. Коомдук ишмер Бегиш Ааматов болсо Абхазиянын көз карандысыздыгын таанышыбыз керек, ал эми Түштүк Осетия менен Түндүк Осетия биригип Орусияга кошулуп алсын деп жооп берди.

“Асман преss” гезитине берген интервьюсунда ЖК депутаты Бакыт Бешимов, Кыргыз мамлекети коркунучта, коррупцияга каршы күрөшүп атабыз деп ага жамынып алып, бийликтегилер мүлк бөлүшүү менен алектенип, кимдир бирөөлөрдүн мүлкүн күчкө салып тартып алып жатат. Бүгүнкү энергетикалык кризис жасалма түрдө атайын уюшулган иш-чара. СССР маалында завод-фабрикалардын баары күндүр-түндүр үч сменде иштеп турганда да Токтогулдун энергиясы баарына жетип турган. 17 жылдан бери ал завод-фабрикалар иштебейт, бийлик Кыргызстандын кызыкчылыгына эмес, үй-бүлөлүк башкаруу системасына таянат деп билдирди. Ушул эле гезитке аңгеме курган врач-саясатчы С. Иманбаев Боршайкомдо 9 жыл иштегенин, Аскар Акаевге кезинде К. Бакиевди эстүү , билимдүү жигит экен, көңүл буруп койсоңуз деп өзү сунуш кылганын айтса, гезит редакциясы бийликтин куугунтугуна алынып, азыркы күндө Мекенинен алыста жүргөн кыргыз азаматы Урмат Барктабасов менен маектешүү башталганын анын баарлашуусунан кенедей үзүндү берүү аркылуу маалымдады.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG