Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

КЫРГЫЗ КИНОСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖОЛДОРУ ТАЛКУУЛАНУУДА


Кыргызстанда соңку 20 жылда мультипликациялык фильмдер тартыла элек. Дегеле кыргыз кино тармагынын өнүгүшүнө каражаттын аздыгы, андан улам заманбап жабдыктардын жетишсиздиги кедергисин тийгизип келет. Кечээтен тарта кыргыз кино үйүндө башталган эл аралык жыйын кыргыз киносун өнүктүрүүнүн маселелерин талкууга алууда.

Кыргыз кино үйүндө өтүп жаткан жыйын “Кыргыз киносун өнүктүрүүнүн келечеги” деп аталып, мында эң биринчи кыргыз мультипликациялык фильмдерин жаратуунун багыттары талкууланууда. Кыргызстанда 20 жылдай убакыттан бери мульфильмдерди же аннимациялык тасмаларды тартуу колго алынбай келатат.

Ал эми белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаровдун айтымында Кыргызстанда мультфильмдерди жарата турган кесипкөй адистер деле жокко эсе болуп калды. Жаңы жаш адистер даярдалбай келатат:

- Аннимациялык фильмдер Кыргызстанда тартылбай калганына 20 жылдай убакыт болуп калды. Эмне үчүн тартылбай калды? Биринчиден балдар үчүн мультфильмдерди тартууга акча каражат жок. Экинчиден мындай фильмдерди тарта турган адистер даярдалбай калды. Жакын арада бул маселе чечилбейт деп ойлойм. Кыргыз киносу чыгармачылык жагынан ийгиликтерге жетишип жатканы менен, техникалык каражат жагынан эң арткы орунда турат.

Ал эми кыргызмамкиноконцерндин вице-президенти Абибилла Пазылов аннимациялык фильмдерди тартууга мүмкүндүктөр болуп жатканын кабарлады:

- Кыргызмамкиноконцерни мультипликациялык фильмдерди тарта турган сүрөтчүлөрдүн, режиссерлордун долбоорлорун колдойлу, каржылоосун колго алалы деп жатабыз. Бул маселе 20 жылдан бери токтоп турат. Быйылкы жылдан тарта аннимациялык фильмдерди тартууга каражат бөлүнө баштайт.


Жыйында соңку жылдарда тартылып жаткан кинофильмдер чыныгы турмушту кино өнөрүндө кандай чагылдырып берүүдө деген темада чоң талкуу жүрмөкчү. Мына ушул жыйындын жүрүшүндө кыргыз кинорежиссерлору Темир Бирназаровдун, Актан Арым Кубаттын жана Эрнест Абдыжапаровдордун
кийинки учурда эл аралык кинофестивалдардан алдыңкы байгелерди жеңип алууга жетишкен тасмалары көргөзүлөт.

Астанада өткөн “ЕвроАзия” кинофестивалында Темир Бирназаров эки номинация боюнча атайын эки сыйлыкты жеңип алды. Бул фильмдер – толук метраждуу “Белгисиз маршрут” жана кыска метраждуу “Парз” тасмалары. Киноадистердин пикиринде, бир фестивалда бир кинорежиссер эки сыйлыкка жетишкен учурлар өтө чанда жолугат. Темир Бирназаровдун чыгармачыл тобу эки кинотасма үчүн 15 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болду.

Темир Бирназаровдун айтымында, аталган тасмаларды сатып алууга кызыккан уюмдар да болуп жатат:

Бул тасмалар өзүн актады деп ойлойм. “ЕвроАзия” кинофестивалынан кийин бул фильмдерди сатып алууга прокатчиктер, Казакстандын телеканалдары кызыгып калды.

Абибилла Пазылов Ысык-Көл кинофестивалынын алдында мындай эл аралык жыйындардын өтүшү пайдалуу деген пикирде:

- Учурда өтүп жаткан кино маселелерине арналган жыйын эмнеси менен баалуу? Экинчи Ысык-Көл кинофестивалынын алдында Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын киночулары чогулуп, кино тармагын өнүктүрүүнүн маселелерин талкууга алып, айрыкча биздин кинонун абалы тууралу ойлорун ортого салып атышканы менен баалуу.

Экинчи Ысык-Көл кинофестивалы октябрь айында өтмөкчү.
XS
SM
MD
LG