Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

16:20 Президент К.Бакиевдин катышуусунда Каржы министрлигин реформалоо боюнча жыйын өттү


Өкмөт үйүндө өткөрүлгөн жыйынга аталган министрликтин кызматкерлери, донордук коомдоштуктун өкүлдөрү, өкмөт башчы катышты. Талкууда каржы министри Тажикан Калимбетова реформалоонун багыттары, аны активдештирүүгө терс таасир тийгизип жаткан проблемалар боюнча маалымат берди. Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Курманбек Бакиев дүйнөлүк финансылык жана фондулук рыноктордо кырдаал татаал бойдон калып жаткандыгын баса белгиледи. ”Бул процесс биздин өнөктөш өлкөлөргө да таасирин тийгизди. Демек, Кыргызстан да эртеби-кечпи дүйнөлүк жана регионалдык финансылык кыйынчылыктын натыйжасын сезиши мүмкүн. Ошондуктан, Каржы министрлиги мүмкүн болуучу терс натыйжаларга азыртан даяр туруусу керек. Окуялардын өнүгүүсүнүн прогнозун даярдап, ошондой эле кырдаал кыйындап кете турган болсо, ага шайкеш аракеттенүүнүн планын иштеп чыгуусу зарыл”, - деди К.Бакиев.Мамлекет башчысы ошондой эле Каржы министрлиги, Улуттук банк жана Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өз ара байланышты жакшыртуунун зарылдыгын белгиледи. Азык -түлүккө, энергоресурстарга жана коммуналдык кызматтарга баалардын кескин жогорулоосунун шартында бүгүн өкмөттүн алдында калктын аз камсыз болгон катмарын коргоо боюнча татаал милдет тургандыгын айтып, Президент кырдаал кескин начарлап кетчү болсо өкмөт жана Каржы министрлиги резервдердин туруктуу деңгээлин камсыз кылуусу керектигин белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG