Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

16:35 Жалалабат облусунда кутурма оорусун жуктурушу мүмкүн деп шектелген эки адам өлдү


Базаркоргон районунда кутурган ит тиштегенден эки адам каза болду.Алардын бири жаш бала. Мындай билдирүүнү өлкөнүн чукул кырдаалдар министрлиги маалымат каражаттарына таратты.Билдирүүгө ылайык 1940-жылы туулган аялды кутурган ит 3-сентябрда каап алган, бирок,ал тиешелүү медициналык жардам алуу үчүн дарыгерлерге кайрылган эмес. Ит менен оорулардан алынган анализдер кайрадан текшерүүгө жиберилди. 23-сентябрда кутурма оорусун жуктурду деп шектелген 11 жаштагы өспүрүм дүйнөдөн кайткан болчу. Доктурлардын күйдүргү илдети азайды дегенине карабай жыл башынан бери 25 киши жугуштуу дарт менен 42 адам ич келте, 800го жакын киши сарык оорусуна чалдыккан.Иммундук таңсыктык (ВИЧ) илдетин жуктургандар да көбөйүүдө. Ал эми күйдүргү ылаңынан бир адам өлгөн.(YA)

XS
SM
MD
LG