Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:59

Д.КАДЫРОВ: ЖАҢЫ САЛЫК КОДЕКСИНДЕ КАЛЫСТЫК ЭМЕС, КАЛПЫСТЫКТАР БАР


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ ишкерлер менен банк кызматчылары бийликке кайрылуу жолдошту. Алар азыр Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталып жаткан Салык кодексининин жаңы редакциясынын айрым жоболору Конституцияга карама-каршы келип, ишкерликке бут тосот деп билдиришүүдө. Каржы жана салык боюнча көз карандысыз эксперт Дастан Кадыровду бул маселе боюнча “Азаттыктын” түз ободогу таңкы маегинде кеп салды.

-Кайрылууда айтылган дооматтар канчалык деңгээлде реалдуу, Салык кодексинин жаңы редакциясы кай жагынан ишкерликке бут тосушу ыктымал?

Салык кодексинде кээ бир калпыстыктар бар. Мыйзам калыс болуш керек да, соодадан алынчу салыкта ошол калыстык жок. Мисалы товарды ишкер өз баасынан ылдый сатса дагы ал салыкты төлөөгө туура келет. Бул салык кодексинде эң чоң коркунуч бар, эртең салыктар түшпөй калышы мүмкүн. Казынанын киреше жагы 10 млрд. сомго азайып, эртең кайра түшпөй калса салыктын өлчөмүн көтөрүүгө туура келет.

- Ишкерлердин кайрылуусунда ошондой эле соодадан салык алуу жөнүндөгү жобону жоюп, салык инспекциясы эреже, тартиптерди чыгаруучу орган эмес салык жыйноого көзөмөл жүргүзүүчү гана милдетин аткаруучу мекеме деп жазылышы зарыл деп айтылат.

Бул салык көп зыян алып келиши мүмкүн, карапайым элге дагы, кээ бир ишти жакшы билбей аткан ишкерлергедагы. Ал эми бай ишкерлерге көп пайда келет бул салык кодексинен.

- Кандайча, кайсы себеп менен?

Кошумча нарк салыгы 12 пайызга азайып атпайбы, анан чет мамлекеттен алып келип аткан товарлар аларга арзан түшөт. Алар көбүрөк алып келип, көбүрөк сатканга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми экспорттогондор болсо тескерисинче чыгаша тартышат.

-Мындан мурдараак мамлекет башчы ишкерлерди, ишканаларды жөнү жок текшере берүүнү токтотууну буйруган эле. Бирок салыкчылар мындай текшерүүлөр азайган учурда төлөнгөн салыктын көлөмү азайып кеткендигин айтып, нааразылыгын билдиришкен?..

Салыктын көбөйүшүнүн негизги себеби - акыркы жылдары биздин эмгек мигранттардан көбүрөк акча түшүп атат. Мисалы азыр бир млрд. доллардан ашык түшөт деген маалымат бар эмеспи. Ошол 1 млрд. доллардын 200 млн. доллары, же болбосо 7 млрд. сом кайра казынага түшүп турат. Аны көчөдөн деле көрсөк болот. Мисалы азыр машиналар көбөйүп атат, үй салуу көбөйүп атат, ошол эле машиналарды жүргүзүү үчүн эл бензин сатып алып атат. Бул баардык товарлардын баары салык менен келет дегендик. Ошол салык аркылуу бюджеттин акчасы көбөйүп атат.

- Демек сырттан келген акча элдин колунда болгон учурда гана соода жүрүп, ошондон салык түшүп турат деп ойлойсузбу?

Азыр кичине элдин каржылоосу азайып атат, ошон үчүн салыктын түшүшү да азайып атат.

- Кечээки кайрылуусунда ишкерлер салык инспекциясы эреже тартиптерди чыгаруучу орган эмес, салык жыйноого көзөмөл жүргүзүүнү гана милдетин аткаруучу мекеме деп жазылыш керек деп да айтып атышат. Бул канчалык дэңгээлде туура талап деп айта алабыз?

Салыкчылар туура мыйзамды кабыл алып берсе эле бул ишкерлерге жакшы болот.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG