Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

БАТКЕН КООГАЛАҢЫНА 9 ЖЫЛ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Мындан тогуз жыл илгери ушул күндөрү Кадамжай районунун сырт айылында аскерлер менен согушчандардын ортосунда атышуу болуп, анда Майлы-Суудагы өзгөчө маанидеги батальондун жети аскери окко учкан. Ошондой эле тогуз жоокер оор жарат алган. Кагылышууда согушчандарды жетектеген талаа командири Абдулазиз Юлдашев атып өлтүрүлгөн. Баткен коогалаңынын катышуучусу, Баткендеги ички аскерлер батальонунун ошол кездеги командири, “Эрдик” медалынын ээси, учурда юстиция министрлигинде иштеп жаткан Асылбек Молдобаев “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маектеринин биринин коногу болду.

- Баткен коогалаңынын тушунда кыргыз армиясынын даярдыгы кандай эле? Анткени ушул Баткен согушу Кыргызстанда аскер тармагын реформалоого түрткү болду деген пикирлер бар?

Өзүңүздөргө маалым болгондой, 1999-жылдын август айларынын башында биздин жергебизге, Баткен районунун кээ бир айылдарына тынч жашоо сүрүп жаткан адамдарга жакшы куралданган Жумабай Намангани жетектеген Өзбекстан ислам кыймылынын бир нече бандиттик топтору кирип келишкен. Өзүңүздөр билесиздер, ошол кездеги биздин аскерлерибиздин даярдык деңгээли бир топ начар болуп, себеби тамак-аш, кийим-кече күжүрмөн даярдыкка тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай калган. Ошого карабастан Кыргызстандын патриоттук духу бийик жигиттери душмандын мизин кайтарып, кууп чыгышкан. Ошол кездеги кээ бир саясатчылар бизге, чакан мамлекетке аскерлердин кереги барбы, же жокпу деген маселелерди да коюп жаткан. Көпчүлүк убактарда бюджет маселеси, аскерлерге тийиштүү маселелер каралган. Ошол маселелер туура эмес чечилгенин Баткендеги болгон окуялар, куралдуу кагышуулар далилдеп кетти. Орустун бир жакшы макалы бар, “өз армияңды багууну каалабасаң, башка бирөөнүн армиясын багасың” деген. Ошондуктан мен ойлойм ар бир мамлекетте күчтүү, мобилдүү аскерлери болуш керек. Бүгүнкү күндө каралып жаткан куралдуу күчтөрдүн реформалоо маселеси эң туура коюлган. Ал учурдун талабы деп ойлойм.

- Баткен коогалаңы эки жыл катары менен созулбадыбы,1999-жылы бир жыл, анан кийин 2000-жылы август, сентябрь айларында кайра башталган. Кийинки жылкы коогалаңда мурдагы жылкы катачылыктарды кайталообого аракеттер жасалды беле?

-
Баткен окуялары 1999-жылы эки жарым айга, 2000-жылы эки айга созулган. Ошол каталарды толугу менен биз иликтеп чыга албай калганбыз. 2000-жылы ошол каталар дагы бир топ терс таасирин тийгизген.

- Бирок ошол мезгилде кийинки жылы жок дегенде курал-жарактар менен камсыз болуу, жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы кандай болчу?

-
1999-жылга салыштырмалуу күжүрмөн даярдык бир топ деңгээлге бийик болгон. Курал-жарак, ок-дары жагын айтсак, илгерки союз мезгилинен калган куралдар менен толук камсыз болгонбуз.

- Баткен коогалаңында бир нече жүздөгөн жоокерлер согушка катышып, ондогон жигиттер курман болушкан. Ошол жоокерлердин өздөрүнө жана ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көрсөтүлө турган жардам, бериле турган жеңилдиктер тууралуу ал убактагы бийлик бир топ убада берген эле.Айталы, Баткен коогалаңынын катышуучуларына интернационалист-жоокерлерге берилүүчү жеңилдиктер берилери айтылып жүрдү эле?..

-
Жеңилдиктер боюнча айта кетсем, Баткен окуяларына катышкан аскер кызматчыларына өкмөттүн токтому менен 1999 –жылы эки жарым ай, 2000-жылы эки ай бир күндүк кызматы үч күнгө эсептелген. Ал эми курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө социалдык камсыздоо бөлүмдөрү тараптан ар түрдүү төлөмдөрү төлөнүп турат, андан башка жеңилдиктер каралган эмес.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG