Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Индия менен Пакистандын лидерлери тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандырууну убада кылышты


Пакистандын президенти Асиф Али Зардари жана Индиянын премьер- министри Манмохан Сингх Нью-Йоркто, БУУнун Башкы ассамблеясына катышып жаткан жеринен жолугушту. Анын соңунан таратылган биргелешкен билдирүүдө айтылгандай, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү алдыдагы үч айдын аралыгында макулдашат. Өзөктүк куралы бар эки коңшунун ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки төрт айлампасы талаштуу Кашмир аймагы өңдүү маселелер боюнча ийгилик жарата алган эмес. Ушул айдын башында президенттик кызматта Первез Мушарафты алмаштырган Асиф Али Зардари Индия лидери менен биринчи ирээт жолукту.

XS
SM
MD
LG