Бул тууралуу Канаданын “Камеко” корпорациясы менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан кыргыз өкмөтүнүн комиссиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин отун-энергетика комитетинин төрагасынын орун басары Сергей Ибрагимов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жаңы келишимде Кыргызстандын үлүшү Алмазбек Атамбаев өкмөтү учурунда жетишилген келишимдегиден 2-3% көбөйтүлдү. Жаңы келишим сентябрь айында парламенттин кароосуна берилмек. Бирок ал октябрь айына которулду. Эки тарапта эч кандай келишпестик жок. Баары жайында, деп кошумчалады Ибрагимов.(AiT)