Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

12:05 Т.Калимбетова: Мектептерди алтернативдүү жылытууга өткөрүү үчүн 3-4 млрд. сом жумшалат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген каржы министри Тажикан Калымбетованын айтымында, электр кубаттуулугу менен жылытылган мектептерди алтернативдүү жылытууга (таш көмүр, жанар май, отун менен жылытуу) өткөрүү үчүн 3-4 млрд. сом каражатты эки-үч айдын аралыгында табууга республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгү жок. Бул маселе боюнча өкмөт көмөк көрсөтүү үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Ал эми билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова республика аймагында 30 мектеп электр кубаттуулу менен жылытыларын, бардык мектептерди алтернативдүү жылытууга өткөрүү зарылчылыгы келип чыкканын кошумчалады. Ал ошондой эле мектептерди эки-үч жылдан кийин кайра электр кубаттуулугу менен жылытууга өткөрүү керектигин белгиледи (AJ)

XS
SM
MD
LG