Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Э. АБДЫЖАПАРОВ: КЫРГЫЗ КИНОЛОРУ ДҮЙНӨНҮ ТАҢ КАЛТЫРУУДА


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Жакында “Киношок” аттуу кинофестиваль болуп өтүп, анда Кыргызстандык режиссер Эрнст Абдыжапаров тарткан “Боз салкын” кинотасмасы “эң мыкты сценарий” деген номинация боюнча байгеге жетишти. Мына ушул фестивалдын айланасында, жалпы эле кино тармагы тууралуу кинорежиссер Эрнст Абдыжапаров “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маектеринин биринде кеп салып берди.

- Алгач “Киношок” фестивалы тууралуу айтып кетсеңиз. “Бозсалкын” тасмасы атайын чакыруу менен катыштыңыздарбы?

-
“Киношок” Бүткүл союздук фестивалдын мурасы катары калган. СССР тарап, республикалар өз алдынча болгон соң бул фестиваль “Киношок” деп Анапага көчүп кеткен. Ошондон бери он жетинчиси. Ал эми биздин катышуубуз, 2000-жылы “Аялдама” деген тасмабыз чоң баага татып, эң мыкты кыска метраждуу тасма деген наам алган. 2004-жылы“Айыл өкмөтү” да ушундай сыйлыкка ээ болгон. Эми “Боз салкын” эң мыкты сценарий деген наам менен дагы бир сыйлыкка ээ болуп атат. Ал сыйлыкты Бурманын ролун ойногон Элнура Осомналиева барып алып келди.

- Кыргызстандык кинорежиссерлордун талантынан жаралган тасмалар минтип эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуусу арбып бараткандыгы албетте, кубандырат. Мындай жакшы жылыштарга эмне түрткү болууда?

-
Мен айта кетчү нерсе бир гана кыргыздын руханий терең өзгөчө касиеттери искусствого түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан Союуз учурунда “Кыргыз керемети” деген атка конгон. Азыр болсо кыргыздын өзгөчөлүгү менен техникалык жактан аябай жупуну болгон күндө да биз ички дүйнөбүз менен дүйнөнү дагы эле таң калдырып келатабыз.

-Ушул тапта көчө фильмдеринин жанрында тартылган тасмалар да арбыды. Алардын да өз көрөрмандары, күйөрмандары бар экенин турмуш көрсөтүп жатат.

-
Бул табигый нерсе, кино өнүгүп атат. Ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша, даремите жараша тасма тартканга аракет кылып атышат. Муну биз колдоп гана турушубуз керек. Ал эми ар бир тасма көрүүчүлөрдүн баасына жараша, тышка чыгып кандайдыр бир наамга ээ болгонуна жараша бааланат.
-

- Демек келечекте дагы бир жакшы тасмалар жаралып калышы ыктымал да ушул эле таланттардын колунан?

-
Ооба, үйрөнүүнүн, окуунун, же болбосо прфессионалдуулуктун деги эле чеги жок. Бул жагынан ким болбосун, мен дагы өзүмө чоң талаптарды коем. Ар бир тасмадан тасмага чейин окуп, үйрөнүп жаңы нерселерге сугарылып туруш керек.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG