Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

АКЫЙКАТЧЫ: ЭЛ АРАЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРДИ АТКАРА АЛБАДЫК


Кыргызстан эл аралык коомчулук алдында адам укуктары боюнча өз милдеттенмелерин аткарган жок. Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүнкү маалымат жыйынында Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанга карата ушундай баасын бергенин билдирди. Мындай жыйынтыкка БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын өзбекстандык төрт жаранды артка кайтарып бергендеги маселени иликтөөдөн кийин келген. Адистердин айтымында, эми Кыргызстан бул жааттагы мыйзамдарын кайра карап чыгып, ушул сыяктуу маселелерди чечүү жолдорун аныктоосу керек.

Жакында Польшанын ордо калаасы Варшавада өтө турган адам укуктары боюнча конференцияга Кыргызстандан баруучу делегацияны баштап барганы жаткан Акыйкатчы Турсунбек Акун БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Кыргызстанга карата берген баасын жөндүү деп эсептейт. Өзбекстандык Жахангир Максудов, Адил Рахимов, Якуб Ташбаев жана Расул Пирматов аттуу качкындардын артка кайтарылышы, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын бузулушун билдирээрин айткан БУУнун комитети, Кыргызстанды мыйзам чыгаруусун кайра карап чыгууга милдеттендирген чечим кабыл алган.

Акыйкатчы Турсунбек Акун мындай дейт:

- БУУнун алдындагы адам укуктары боюнча комитети бизге өзбекстандык качкындарды кайра артка кайтарып салганыбызга байланыштуу Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдында, комитет алдында өз келишимин аткара албай калганы тууралуу атайын маалымат таратты. Бул билдирүү Кыргызстандын аброюна бир топ шек келтирет деп эсептейм.

“Ачык позиция” коомдук уюмунун жетекчиси Дмитрий Кабак бул маселе боюнча буларга токтолду:

- Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары тууралуу бир канча келишимдери боюнча жеке арыз берүүнүн жол-жоболору каралган. Эгер жабырлануучу мамлекеттик деңгээлде милдеттенмелердин аткарылышын камсыздай албаса, ал арызын БУУнун комитеттерине жазат. Ал эми бул жерде БУУнун комитети Кыргызстандын аракеттерин карап көрүп, эл аралык келишимди аткарган жоксунар деген чечимге келди. Эми биз мыйзам чыгаруубузду карап чыгып, соттук практиканы иликтеп, мындай чечимдер кандай аткарылышы керектигин аныкташыбыз керек.

Мындан тышкары Акыйкатчы Турсунбек Акун өлкөнүн түштүк аймагына иш сапары менен барган учурда убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абактарында болгонун, мындай жайлардагы абал бүтүндөй өлкө боюнча оор болуп жатканын билдирди:

- Өзгөн районунда да убактылуу кармоочу жайларды, тергөө абактарын кыдырып чыктык. Ал жерде 7 адам жаткан экен. Соттун чечими чыкпай алар жүдөп калышкан экен, аларды эбак чыгарыш керек эле же тез арада соту болушу керек болчу. Башка тергөө абактарын да кыдырып чыктык, сууларын сырттан алып келишет экен, бир топ аралыктан. Суу түтүктөрү иштебейт, оңдоп-түзөттүк дегенден кийинки абалдары абдан кыйын.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, абактардагы оор шарттар, уруп-сабоолор милицияга түшкөндөн тартып эле башталат:

- Эми канчалык күнөө кылган күндө да алар ошол мыйзам бузганынын жазасын тартып түрмөлөрдө, жабык жайларда отурушат. Эки эсе жаза болбойт да. Ошол жерде отурган балдарга же аба жетпейт, бир кичинекей камерада 6-7 бала жатат, төшөнчүлөрү өтө эле кир, денелерин жара баскан... Анан тамак-ашы эмне болуп атат ким билет? Биз айда-жылда бир барып көргөндө жүрөгүбүз ооруйт. Эми ошол тартипти көрүп, ошондой шартта жатып чыккан балдардын келечеги кандай болот. Алар кайра эле коомго келет да.

XS
SM
MD
LG