Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

ЭНЕРГЕТИКА КРИЗИСИНИН ТАМЫРЫ ТЕРЕҢ


Бүгүн парламент өкмөттүн быйылкы кышка карата даярдыгы жөнүндөгү маалыматын укту. Эл өкүлдөрү энергетикалык кризистин чоо-жайына, аны жоюу боюнча өкмөттүн аткарып жаткан иштерине кызыгышты. Өкмөт быйыл кышка электр жарыгы берилерин, бирок да электр жылыткычтарын иштетүүгө буямасы келбестигин ырастоодо.

Электр жылыткычтарын ташкөмүргө которууга шаасы келбеген Кыргызстандын 807 мектебинде быйыл кышкы каникул эки айга созулганы туру. Ал арада окучуулар биротоло мектепке барчу жолду унутуп калбашы үчүн мугалимдерге үй-үйгө кирип сабак берип чыгуу тапшырмасы берилмекчи. Энергетикалык кризистин элдин эс-көөнүнөн кеткис чоң сабактарынын бири, кыязы, ушул болот окшоп калды.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов быйыл кыш бою Токтогул суу сактагычынан 6 миллиардга жакын кубометр сууну кое берип, анын эсебинен үйдү жарык кылганга жетерлик электр энергиясын өндүрүп чыгышарын парламент мүчөлөрүнүн алдында жарыя кылды:

- Кыштан кыйналбай чыгыш үчүн аткаруу, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин алдына электр энергиясынын бөлүнгөн лимитин так сактоо, элге көмүр жеткирип берүү, окyучуларды кышкы каникулга таратуу милдети тапшырылды. Үйүн электp менен жылыткандардын 3 фазалуу электр зымдары кыркылат. Электр жылыткычтарын башка отунга алмаштырууга аз-аздан өтүү тапшырмасы берилди.

Ал тапшырма жер-жерлерде 12 сааттан 18 саатка жете электр жарыгын өчүрүүлөр, электр жабдууларынын жараксызга чыгышы, андан тышкары да толгон-токой кыйынчылыктар менен коштолууда. Кыргызстандын Өнөржай, энергетика, отунсуy ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков электр жарыгы мурда белгиленген убакытта гана өчүрүлүп жатканын айтып келет:

- Тапшырмалар аткарылып жатат. Кээ бир жерде авариянын себебинен электр иштебей калышы мүмкүн. Башка кесиптештериңизден сурасаңыз, бардык жерде тапшырма аткарылып жатат. Мен айткан сөзүмдү адатта аткарам.

Бирок да мындай жооп парламент депутаты Ибрагим Жунyсовду канааттандырган жок:

- “Мен 18 саатка өчүрсүн деген буйрукка кол койгон эмесмин. Балким мэр кол койгондур” дедиңиз. Мына мэр отурат. Мэр “Ибрагим, мен андай буйрук бере албайм”, деди. Ошто беш күндө күнүнө 8 сааттан, 5 күндөн кийин 18 сааттан свет өчүп жатат.

Электр жарыгы айыл жеринде ошондой эле өчүрүлүп жатканын башка депутаттар да маалымдашты. С.Балкыбеков электр жабдулары иштен чыгып калган чакта жарык узак убакыт болбой калып жатканын моюнга алды.

Депутат Иса Өмүркулов өкмөт мүчөлөрүнүн кебин угуп отурса эч кандай проблема жоктой, баары майкөл-сүткөл болуп жаткандай таасир калтырарын айтып, өлкөнү энергетикалык кризиске ушу тапта бийлик башында отургандар алып келгенин билдирди:

- Айтыңыздарчы, сиз өкмөт башчы, мурyнку энергетика министри, сиз Сапарбек Балкыбеков, энергетика министри, “Электр станцияларынын” мурунку жетекчиси, үч жыл ичинде энергосистеманы белчесинен кризиске тыгып салдыңыздар? Жалпак тилге салып айтканда, жылаңачтап койдуңар! Сандарды айтпай эле коюңуздар, андан баш айлана баштады.

Ушундай эле пикирин парламенттеги социал-демократиялык фракциянын дагы бир өкүлү, депутат Роза Отунбаева да билдирди:

- Бүгүн биз өлкөдөгү саясий бийликтин кризиске капталганын көрүп турабыз. Мындай сөздү чыдап угуш кыйын. Келгиле баарын ордуна коелу.

Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын өкүлү Улугбек Ормонов өкмөттүн кышка даярдыгына ичи чыкпаганын мындайча белгиледи:

- Өкмөттүн кышка даярдыгын мен бүгүнкү күндө жетишсиз деп эсептейт элем.

И.Чудинов парламенттеги өкмөттүк саатта быйыл жеке колго өтчү энергетикалык объекттердин баасын аныктоо иштери жүрүп жатканын, аларды сатыкка коюу октябрдын ортосуна белгиленип жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG