Кечээки кагылышта жапа тарткандар тууралуу кабарланган жок. АКШ армиясынын маалымат катчысы адмирал Грегори Смиттин айтымында, Пакистан аскерлери чек ара бекетинде ооган күчтөрү менен биргелешкен кайгуулга жардам берип жаткан америкалык эки Киова тикучмаларын аткылаган. Нью-Йоркто БУУнун баш жыйынында Пакистан президенти Асиф Али Зардари анын өлкөсү өз аймагын жана эгемендүүлүгүн "ымалалаш өлкөлөрдүн" бузушуна жол бере албай тургандыгын билдирди.