Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

13:00 БШК төрайымынын кызын кимдер кысымга алып жатат?


“Ата Мекен” партиясы БШКнын Кыргызстандан чыгып кеткен төрайымы Клара Кабилованын Орусиянын жогорку окуу жайларынын биринде окуган кызын Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилигинин кызматкерлери кысмакка алып, энеси кайда экендиги тууралуу маалымат беришин жана видеотасмага жаздырган билдирүүсүн жокко чыгарсын деп айтуусун талап кылышкан деген билдирүү таратты.Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров мындай маалыматты четке кагып, ага эч кандай негиз жок деп “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кабилованын Москвадагы лингвистика институтунун биринчи курсунда окуган кызы Айжамал менен телефон аркылуу гана байланышып, кандайдыр бир коркунучтар пайда болсо элчиликке кайрылуу сунушталган. Бирок, Кабилованын кызы апасына барарын билдирип, ал сунуштан баш тарткан. Элчи Аттокуров андан тышкары азыр Клара Кабилованын кайда экендигин билбестигин, айрым маалыматтар боюнча Москванын жанындагы бир шаарчада турат деген гана маалыматы бар экендигин кошумчалады. (BD)

XS
SM
MD
LG