Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

13:00 Кыргызстанда тартылган “Теңир” тасмасы Оскарга көрсөтүлүүдө


Француз режиссеру Мари Жауль де Поншевиллдин “Теңир” тасмасы америкалык “Оскар” киноакадемиясынын сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кинематографисттер союзунан билдиришти. “Эң мыкты чет элдик фильм” номинациясына көрсөтүлүп жаткан бул тасма Чынгыз Айтматовдун “Жамиля” повестинин негизинде тартылган. Кино Германия, Франция жана Кыргызстандын биргелешкен долбоору болуп эсептелет. Ага немец режиссеру Франк Мюллер жана кыргыз киночусу Эрнест Абдыжапаров продюсерлик кылышкан. Бүгүнкү күнгө тасма тууралуу тийиштүү документтер Лос – Анджелеске жөнөтүлдү. Кыргыз киносынчысы Гүлнара Төлөмүшова бул - Кыргызстан атынан “Оскарга” көрсөтүлүп жаткан үчүнчү тасма экендигин белгилейт. Буга дейре ага кыргыз режиссерлору Төлөмүш Океевдин “Көк серек ” жана Актан Арым Кубаттын “Бешкемпири” көрсөтүлгөн. (EK)

XS
SM
MD
LG