Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

КАЗАКСТАН: АЛИЕВ МЕНЕН АЛАКАЛАШТАР БУТАГА АЛЫНУУДАБЫ?


Президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, учурда Австрияда башкалкалап жүргөн Рахат Алиев жана аны менен байланышы бар делген адамдардын айланасындагы окуялар ушул аптада кайрадан маалымат айдыңына чыкты. Казакстандын өзүндө Алиев менен алакада турган делгендер суракка алынса, Австрияда, кабарларга караганда, Алиевдин мурдагы жетекчисин уурдоо аракети боюнча иликтөө жүрүүдө. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Алнур Мусаевге Венада кол салуу жасалган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетин 1990-жылдардын соңунан 2001-жылга чейин башкарган Алнур Мусаевдин өзү "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак редакциясына билдиргенине караганда, куралчан адамдардын тобу аны жана котормочусун уурдап кетүү аракетин жасашкан. Окуя 22-сентябрда болгон:

- Алар, тапанча менен куралданган төрт адам, бизди күч менен нейтралдаштыруу аракетин жасашты. Бизди унаанын ичинде өлтүрүүнү же бир жакка уурдап кетүүнү көздөштүбү, билбейм. Азыр бул маселе менен тергөө алектенүүдө.

Алнур Мусаевдин айтымында, окуя ал жашаган үйдүн жанында болгон. Кол салгандар менен мушташууга аргасыз болуп, натыйжада жаракат алган. Айланада өтүп бараткандардын кыйкырыктарынан кийин, кол салгандар качып кетүүгө үлгүргөн. Ал муну Казакстандын атайын кызматтарынан көрөт:

- Мен Казакстандын атайын кызматтарынын кол салуусуна бул жерде бир эмес, бир нече жолу кабылдым. Мындай учурлар үчүн машыккам жана дайыма даяр болчумун.

Алнур Мусаев ага катар "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак редакциясына берген интервьюсунда Рахат Алиевди колдогону үчүн өмүрүнөн айрылып калары жөнүндө казак бийликтеринен ортомчулар аркылуу эскертүү алгандыгын күбөлөндүргөн көп фактылар бар экенин кошумчалады.

Венада казак улутундагы адамдын катышуусу менен ушундай мүнөздөгү окуя орун алганын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак редакциясына берген интервьюсунда Австриянын ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Рудолф Голлиа да ырастады.

Бирок жаракат алган адамдын атайын статусу бар экенин ишара кылып, ысымын айтуудан баш тартты:

- Апта башында, дүйшөмбүдө, казакстандык бирөө-жарым жаракат алган. Биз сиздерге атайын адамдар жөнүндө маалымат бере албайбыз. Буга уруксат жок.

Алнур Мусаев Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетин жетектеп турган учурда, президент Нурсултан Назарбаевдин ошол кездеги күйөө баласы Рахат Алиев анын орун басары болгон.

Алар мекенинде, Казакстандын кылмыш кодексинин бир нече беренелери, анын ичинде "бийликти күч менен ээлеп алууну" көздөгөн деп айыпталып, 20 жылга түрмөгө кесилген. Ал эми Рахат Алиевдин башка кылмыш иштери боюнча берилген жазаны кошкондо, жалпы мөөнөтү 40 жыл. Сот жараяндары сырттан өткөн. Экөөсү тең аскерий чиндеринен жана сыйлыктарынан айрылган.

Былтыртан тарта Австрияда башкалкалап жаткандан бери, расмий Астананын башкы сынчысына айланып, маал-маалы менен коррупциялык делген иштер боюнча чуулгандуу маалыматтарды ачыкка чыгарып жаткандыктан, казак бийлигинде аларды Австриядан өткөрүп алуу мүдөөсү бар экенин жашыруун эмес.

Маселен Рахат Алиевди өткөрүп берүү жөнүндөгү казак бийлигинин өтүнүчүн Австрия тарап иши мекенинде адилет каралбайт деген жүйөө менен расмий түрдө четке каккан.

Казакстандык коомдук ишмер, "Улут тагдыры" кыймылынын жетекчиси Дос Көчүм биз менен болгон маегинде, Казакстан тараптан Алнур Мусаевди мекенине уурдоо жолу менен алып келүү аракети жасалышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт:

-Албетте алардын билген нерсеси абдан көп. Мамлекеттин жашыруун сырларын, президент айланасынан элге жетпген жашыруун сырларды жакшы билишери айдан-ачык. Кезинде мамлекеттин коопсуздугун тейлеген адамдын четке качып кетиши, менимче, Казакстан үчүн чоң сокку. Эгер Австрия өкмөтү бербесе Казакстанга аны (Мусаевди) жашыруун түрдө алып кетүү аракети жасалуу мүмкүндүгүн мен жокко чыгарбайм. Бул дагы кайталануусу мүмкүн.

Бул аралыкта Казакстандын өзүндө мурда элитанын ичине кирген айрым суракка алынып, атүгүл кабарларга караганда, үй камагында болуп чыккан. Алардын арасында Казакстандын коопсуздук комитетинин дагы бир мурдагы башчысы Нартай Дутбаев, жана мамлекеттик КазМунайГаз компаниясынын мурдагы башчысы Серик Бүркүтбаев бар.

Нартай Дутбаев Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетин 2001-2006 жылдары жетектеген. Кызматтан оппозициядагы белгилүү саясатчы Алтынбек Сарсенбаев киши колдуу болгондон кийин кеткен эле. Ал кандай жагдайларда суракка алынганы беймаалым. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети ал үй камагында болуп чыкты деген маалыматтарды төгүндөгөн. 24-сентябрда Нартай Дутбаев "КазАтомПром" ишканасынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалганы маалымдалды.

Ал эми Серик Бүркүтбаев мамлекеттик "КазМунайГаз" компаниясын жетектөөгө быйыл май айында дайындалып, кайра үч айдан кийин, августта эле кызматтан алынган.

Жергиликтүү "Время" басылмасы анын тергөөгө алынышын мамлекеттик мүлктү жеп ичкенине, "Литер" гезити жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы телефон сүйлөшүүлөр делген аудиотасмалардын интернетке чыгып кетишине тиешеси бар деген шектенүүлөргө байланыштырды. Анткени Серик Бүркүтбаев 1990-жылдардын орто чеининде "Казателеком" ишканасын башкарган.

Казакстандык бийлик өкүлдөрүнүн, анын ичинде президент Нурсултан Назарбаевдики делген телефон сүйлөшүүлөр жазылган аудиотасмалардын интернетке чыгып кетишинин артында мамлекет башчысынын мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев турат деп шектелип келүүдө.

Рахат Алиевдин өзү ушул аптада "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак кызматындагы интервьюсунда "Казтелекомдун" Серик Бүркүтбаев сыяктуу мурдагы жетекчилерине телефон тыңшоого катышы бар деген айыптын коюлушу жосунсуз экенин, бул иш менен Коопсуздук кызматындагылар өздөрү алектенерин белгиледи:

- Телефондорду угуу, почтаны барактап көрүү, интернетти текшерүү - коопсуздук комитетинин жоопкерчилигиндеги иш. "Казтелеком" сыяктуу мекемелердин структуралары атүгүл бул түйүндөрдөн маалымат кантип алынарын да билбейт. Телефон сүйлөшүүлөрүн: мобилдик, станционардык байланыштан угуу Улуттук коопсуздук комитетинин атайын маалымат кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

Белгилей кетчү дагы бир жагдай, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин атайын маалымат кызматынын мурдагы башчысы генерал Мажренов быйыл июлда коопсуздук комитеттин абагында каза тапкан. Расмий түшүндүрмөдө ал өз жанын өзү кыйганы айтылган болчу.

Айтор казак бийликтери президенттин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевге сот өкүмү чыкканына байланыштуу, иш жабылды деп ырастаганы менен соңку кездери жүрүп жаткан жараяндар, 2010-жылы ЕККУ уюмунундагы төрагалык кылууга даярдык ирээтинде адам укутарын сактоо, коррупцияга каршы күрөш багытында өлкөнүн беделин оңдоо үстүндө иштеп жаткан расмий Астана үчүн ыйңгайсыз учурга туш келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG