Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

16:46 Акыйкатчы акыркы саясий окуянын изин табуу аракетинде


Акыйкатчы Турсунбек Акун БШКнын экс-төрайымы Клара Кабилованын билдирүүсүнө негиз болгон жагдай бар же жок экендигин башкы укук коргоочу катары иликтеп жатат. Анын “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Кабилова “эки башка түс менен кеңсе ишин жүргүзөт” деп доомат койгон президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов менен жолугушуп, президенттин уулу Максим менен телефон аркылуу баарлашканда экөө тең БШКнын экс-төрайымынын билдирүүсүнө эч кандай негиз жок деп айтышкан жана Максим Бакиев бул тууралуу шейшемби күнү атайын маалымат жыйынын өткөрөөрүн билдирген. Акун ошондой эле Кабилова бийликтен куугунтук болду деп кайрыла турган болсо анын укугун коргоого даяр экендигин билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG