Сүйлөшүү учурунда президент Буш “Ооганстанда дагы көп нерсени жасоо керектигин, бирок ушуга чейин жасалган иштер келечекке үмүт менен кароого негиз берерин” билдирди. Эки лидер Ооганстандагы америкалык аскерлердин жетекчилиги, вилайеттердин акимдери жана кайра куруу иштерин жүргүзүп жаткандар менен видео жыйын өткөрүштү.