Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

12:13 Оппозиция эл менен жолугушууда


Мындай маалымат “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдон алынды. Анын айтымында, “Ата Мекен”, “Асаба” партияларынын мүчөлөрү жана Коомдук парламент менен “Акыйкат үчүн” кыймылына мүчө саясатчылар кечээ Бишкектин батышындагы жаңы конуштардын, Кызыл –Аскер аймагынын тургундары менен жолугушту. Бүгүн Жал, Аламүдүн кичи райондорунун жана башка конуштардын жашоочулары менен жолугушууда. Андагы негизги тема Кыргызстандагы акыркы кырдаал жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата калктын пикирин билүү. Жекшенкуловдун айтымында, жолугушууга катышкан тургундардын баарын жашоонун кымбаттыгы, Бишкектин шаар бийлигинин улам алмашып, начар иштеши жана БШК төрайымы Клара Кабилованын кызматынан кетүүгө мажбур кылган жагдай кыжырдантып жатканы белгилүү болду. Алар ушундан улам мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүп, бийликти карапайым калк үчүн иштөөгө мажбур кылууну сунуштап жатышат-дейт А.Жекшенкулов.(BD)

XS
SM
MD
LG