Билдирүү Токтогул районунан тартып, облус борборуна чейинки шаар-райондор менен Жалалабат шаарына да таркатылган. Клара Кабилова анда БШКнын кызматкерлеринин алдында президенттин уулу Максим Бакиев басым жасап, кысым көрсөттү деп жазган. Ал балдары менен туугандары эле эмес, коркутуу-үркүтүү маалында кошо болгон кызматкерлердин да тагдыры үчүн коркоорун билдирген. Өз уулунун коопсуздугун сактаган президент мени менен балдарымдын коопсуздугун эмне учун камсыз кылбайт?- деген суроо коюлган Клара Кабилованын атынан жазылган кайрылууда. Ал Кыргызстан калкы президенттикке Максим Бакиевди шайлабаганын белгилеп, өлкө башчысын кызматка кирээр алдында берген антын эскерткен. Кайрылууну окугандардын бир даары үй-бүлөлүк башкаруудан тажаганынан башка өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон тура деп ойлошууда. Кайрылууну президент менен анын уулун каралоо максатында жасалып жаткан чагым катары баалагандар да жок эмес. (YA)