Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

16:33 Башкы прокуратуранын кыргыз-америка келишимин чечмелеп берүү өтүнүчүн парламент карайт


Бул тууралуу эл аралык иштер жана парламенттик кызматташуу комитетинин төрагасынын орун басары Кабай Карабеков “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Анын айтымында, бул маселе парламенттин эл аралык иштер жана парламенттик кызматташуу комитетинде каралат. Бирок азыркы мезгилге карай башкы прокуратуранын өтүнүчү комитетке келип түшө элек. Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында, АКШ элчилиги Ынтымак жаңы конушунда ижарага алган үйдөн курал-жарактын табылышы Кыргызстан менен АКШнын ортосунда курал сатуу боюнча келишимге дал келиш-келбешин чечмелеп берүүнү өтүнүп Жогорку Кеңешке кайрылганын билдирди. Белгилүү болгондой курал-жарак 4-августа табылып, ага байланыштуу кылмыш иши козголгон. Бир маалымат боюнча, америкалык тар курал-жаракты кыргызстандык атайын кызматтарды машыктыруу үчүн алып келишкен.(AiT)

XS
SM
MD
LG