Украинанын "Фаина" кемеси орусиялык өндүрүштөн чыккан Т-72 үлгүсүндөгү 33 танкты Кенияны көздөй тартып бара жаткан жеринен сомалилик деңиз каракчыларына өткөн бейшемби күнү кабылган. Каракчылардын өкүлүнүн бүгүн "Ассошейтед пресс" агенттигине билдиргенине караганда, алар кеменин бошотулушу үчүн 20 миллион доллар талап кылышат, эгер кемени бошотуу үчүн күч колдонулса, өлгөнчө салгылашууга даяр. Бул аймакты азыр АКШнын аскерий кемеси көзөмөлдөөдө.
Сомалидеги деңиз каракчылары украиналык кеменин бошотулушу үчүн 20 миллион доллар талап кылышууда