Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Дамасктагы жардыруунун артында исламчыл экстремисттер турган


Бул тууралуу бүгүн Сириянын бийликтери билдиришти. Алардын маалыматына караганда, миналанган автоунааны жардырган жанкечти исламчыл экстремисттер менен байланышта турган. Мамлекеттик маалымат каражаттары миналанган автоунаа Сирияга коңшу өлкөлөрдөн киргенин кабарлап, бирок ал өлкөнүн атын атаган жок. Жардыруу ушул ишемби күнү өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн кеңселерине жакын жерде болгон эле. Андан 17 киши каза тапкан. Бул мамлекеттик көзөмөл күчтүү өлкөдө, соңку жыйырма жылда орун алган эң ири жарылуу болду.

XS
SM
MD
LG