Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Европанын бир нече банкы каржылык чакчелекейге кабылды


Кошмо штаттардан соң Европанын банктары глобалдык каржылык кризистин курмандыгы болуп жаткандай. Британ өкмөтүнүн бүгүнкү жарыясына караганда, инвесторлордун ишеними жоголгонуна байланыштуу алар Bradford& Bingley ипотекалык банкын улутташтырды. Ал эми Бенелюкс өлкөлөрү: Белгьгия, Люксембург, Нидерландиянын өкмөтү банк жана камсыздандыруу кызматын көргөзүүчү Fortis компаниясын ыктымал кыйроодон сактоону макулдашты. Ал эми Исландияда өкмөт өлкөнүн үчүнчү ири банкын көзөмөлгө алды. Франция президенти Николя Саркози бүгүн каржы базарларындагы кырдаалды талкуулоо максатында Франциянын ири банктары жана компанияларынын жетекчилери менен жолукканы жатат.

XS
SM
MD
LG