Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

07:15 Бүгүн президенттин уулу М. Бакиевдин маалымат жыйынын өткөрөөр-өткөрбөсү белгисиз


Буга чейин “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видео кайрылуусундагы анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, маалымат жыйынын шейшембиде өткөрөт деп кабарлаган эле. Бул маселе боюнча Максим Бакиевдин өзү же анын адвокаты менен байланышууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми президенттин басма сөз кызматынан Максим Бакиев маалымат жыйынын өткөрөт деген маалымат жок экенин билдиришти. Клара Кабилова болсо видео кайрылуусунда президенттин уулу Максим Бакиев аны кемсинткен орой сөздөр менен коркутуп-үркүткөнүн айтып, өмүрүнө коркунуч туулгандыктан өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG