Президенттин уулу Максим Бакиев Бишкек пресс клуб маалымат каражатына берген интервьюсунда БШКнын мурунку төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусуна мына ушундай баасын берген. Максим Бакиевдин сөзү боюнча, ал Кабилова менен мындан эки-үч жыл илгери гана көрүшкөн, жакын арада аны менен сүйлөшкөн да, аны коркуткан да эмес. Видеокайрылууну атайын жасалган чагым деп атаган Бакиев, анын максаты президентти жаманатты кылуу экенин белгилеген.(AiT)