Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

16:20 Жалал-Абат облусунда белгисиз диний уюмдун тарапкери кармалды


Облус борборунда «Жахабалар күбөлөрү» деген буга чейин бейтааныш болгон диний уюмдун 31 жаштагы өкүлү кармалды. Сузак районунун тургуну болгон бул жарандан аталган уюмдун 34 даана китеби менен 105 журналы жана 55 баракчалар алынган. Алынган диний адабияттардын маани-манызы изилденүүдө.Буга дейре Базаркоргон районунан Ислам халифатын курууга чакырган «Хизб-ут Тахрир» уюмунун мүчөсүнөн ондогон үн тасмалар табылган. Мындай маалымат бүгүн облустук ички иштер башкармасынын 9-бөлүмүнөн алынды. Жыл башынан бери аталган саясий партиянын мүчөлөрүнө 5 кылмыш иши козголуп, алардын экөөсүнө сот тарабынан женил жазалар берилген.(YA)

XS
SM
MD
LG