Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

30-СЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Ареф 2004-жылдын 30-сентябрында Кыргызстанга иш сапары менен келген. 2007-жылдын бу күнү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын “Сак-саламат жүрөк үчүн биригели!” деген урааны менен уюшулган иш чара Бишкек шаарында өткөн.

Орто Азияга умтулган Россия империясы менен Кытай мамлекеттеринин ортосундагы тирешүү чегара маселесинде тогошкон. Падышалык бийлик 1892-жылы циндик Кытайга Барлыкты Россиянын карамагына берүү же болбосо, арендалык акы төлөөнү дагы 10 жылга узартуу талабын койгон. Бирок расмий Бээжин бийлиги, Чыгыш Түркстандагы көчмөндөргө жайыт жетишпегендигин белгилеп, Россиянын талабын кескин четке каккан. Чугучактагы россиялык консул Н. Б. Борнеман 1893-жылдын 30-сентябрында Тарбагатай округу менен илилик цзяньцзюнь менен Барлыктын Кытайга кайтарылып берилиши тууралуу актыга кол койгон.


Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Ареф 2004-жылдын 30-сентябрында Кыргызстанга иш сапары менен келген. Ирандык өкүлдү премьер-министр Николай Танаев тосуп алып, эки тараптуу кызматташууну арттыруу багытында сүйлөшүүлөр жүргүзгөн. Сүйлөшүү ирээтинде эл аралык жана аймактык коопсуздук тегерегинде пикир алмашылып, ирандык тарап Кыргызстанда кичи ГЭСтерди курууга жана жогорку Нарын каскадынын курулушуна инвестиция бөлө тургандыгын билдирген. Ошондой эле Бишкекте Ирандын “Маскян” банкынын филиалын куруу маселеси каралган. Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиянын жетинчи жыйынынын натыйжасында энергетика, саламаттык сактоо тармагы багытында меморандумга кол коюлуп, туризм жана маданий мурастар боюнча кабыл алынган 2004-2006-жылдарда программаны ишке ашыруу жагдайы талкууланган.

Премьер-министр Феликс Куловдун Россия Федерациясына жасаган эки күндүк иш сапары маалында эки өлкө ортосундагы аскердик-техникалык, гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташууну арттыруу маселелери талкууланган. Кыргызстан өкмөт башчысы россиялык премьер-министр Михаил Фрадков, «Газпром» башкармасынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушуп, Кыргызстанды узак мөөнөткө мунай-газ менен камсыздоо тегерегинде сүйлөшүүлөр жүргүзгөн. Кыргыз өкмөт башчысынын Россия Федерациясына жасаган эки күндүк иш сапары 2005-жылдын 30-сентябрында соңуна чыккан.

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын “Сак-саламат жүрөк үчүн биригели!” деген урааны менен уюшулган иш чара 2007-жылдын 30-сентябрда Бишкек шаарында өткөн. Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясына жүздөн ашуун өлкөнүн 189 кардиологиялык уюму баш кошкон. Кыргызстан бул федерацияга 2006-жылы мүчө болуп кирген.

Адистердин айтымына караганда, жүрөк-кантамыр дартынан каза болгон адамдардын саны жагынан Кыргызстан алдыңкы он өлкөлөрдүн катарына кирет. Статистикалык маалыматтарга ылайык, ар жылы республикада жүрөк оорудан 18 миң чамалуу адам каза болсо, дүйнө жүзүндө жылыга жүрөк дартынан 17,5 млн. адамдын өмүрү кыйылат.
XS
SM
MD
LG