Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

17:40 Таластын Арал айылында талапкерлер шайлоочулар менен жолугуша албай жатышат


Талас районундагы Арал айыл өкмөт башчысынын айынан жергиликтүү Кеңешке депутаттыкка койгон талапкерлер шайлоочулар менен жолугуша албай калганы тууралуу бүгүн “Азаттыкка” аталган шайлоо аймагынан койгон талапкер Эмил Үмөтов жана Нурсултан Дүйшөнбиевдер кайрылышты. Алар айыл өкмөт башчысы графиктин негизинде түзүлгөн мезгилди шайлоочуларга маалымдабастан, арак ичип мас абалда жүргөн деп айып коюшууда. Талапкер Эмил Үмөтов буга далил катарында айыл өкмөт башчынын автоунаасы ошол күнү МАИ кызматкерлер тарабынан камакка алынганын айтууда. Облустук МАИ башкармалыгынын башчысы Эмил Абдиев айыл өкмөт башчынын автоунаасы камакка алынганын далилдеп, бирок эмне себеп менен камакка алынганын айта алган жок. Ал эми Арал айыл өкмөт башчысы Абдысадыр Турусбеков талапкерлердин өздөрүнө бештен шайлоочу ээрчитип келүүнү суранганын, мас абалда жүрбөгөнүн жана кызматтык автоунаа МАИ бөлүмүнө башка себептер менен камакка алынганын билдирди. (UA)

XS
SM
MD
LG