Ички кызматтан Чалгын директоратына мурда согуштук операцияларды тейлеген генерал-лейтенант Ахмед Шуя Паша келди. Директораттын мурдагы жетекчиси Надеем Тажды америкалык расмий өкүлдөр терроризмге каршы күрөшкө чын дилден берилгендигинен күмөн санап келишкен. 20-сентябрда Исламабаддагы Мариот мейманканасы жардырылып, 55 кишинин каза табышы ядролук куралы бар Пакистандагы ал-Каида менен байланышы бар козголоңчулардын жана талибдердин коркунучунан тынчсызданууну күч алдырды.