Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

ЖАЛАЛ-АБАТТЫКТАР КАБИЛОВАНЫН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ОКУЯЛАРГА ТЫНЧСЫЗДАНУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Жалал-Абат облусунун коомчулугу БШКнын экс төрайымынын айланасындагы окуяларга тынчсыздануу менен карашууда. Бул окуяга тынчсыздангандар Клара Кабилованын күтүүсүздөн өлкөдөн кетүүсүн бийликтин үстөмдүгү менен байланыштырып жатышат. Облустун башка тургундары кызматтан кеткендердин президент менен анын туугандары жана үй-бүлөсүн күнөөлөгөнүнө кошулушкан жок.

Облустун коомчулугу БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабиловага байланыштуу окуяларга түрдүү көз карашта. Коомдук парламенттин өкүлү Советали Сеитбеков төрайымды президенттин уулу коркутуп, сырт өлкөгө кетишин маалымат каражаттарынан уккан. Кабилованын азыркы тагдырына тынчсызданган Советали Сеитбеков ал декабрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын элге жар салып, анан кызматтан кетсе болмок деген оюн билдирди:

- Бул ушундай менен бүтмөк. Бул деле Мадумаровдун, Атамбаевдин, Куловдун ж.б. кейпин кийди бүгүнкү күндө. Азыр элдин шайлоого болгон ишеними аябай кетти. Үй-бүлөлүк башкаруунун күчөгөнү байкалууда.

Базар-Коргон районунда жашаган Олжобай Боронбаевдин боолгоосу боюнча, бийлик мурдагы мураскеринин кемчиликтерин кайталоодо. Парламенттик шайлоодогу мыйзамбузуулар акыры ачыкка чыкмак, ага жеткирбей, бийлик Феликс Куловду, Алмазбек Атамбаевди, Адахан Мажумаровду түрдүү шылтоолор менен жолго салгандай эле, өз максатына жеткен соң, Клара Кабилованы да каалагандай калчап, кысымга чыдабаган төрайым кызматтан кетүүгө аргасыз болду деп эсептейт Олжобай Боронбаев:

- Клара Кабиловага кысым болгон. Муну элдин баары эле түшүнөт. Мындай кысымды президент өзү дагы, анын айланасындагы адамдар дагы кылып атат. Президенттин бир туугандарынын, тегерегинделилер алып келген адамдар экенин баары эле билет. Булар бийликте отурган адамдарды каалагандай калчап атышат.

«Ата Мекен» партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев саясий кырдаал курчуп баратканын белгиледи. Анын айтымында бийлик менен элдин ортосунда болгон ажырым чоңоюуда. Жагдайдын улам өөрчүшү опурталдуу окуяларды пайда кылуусу мүмкүн. Андан бийлик сабак алып, тезирээк жыйынтык чыгарбаса, өлкөдөгү стабилдүүлүккө доо кетет:

- Азыркы президент өзүнүн кадрларын каалагандай калчап, алардын үстүнөн ар кандай кысым жасоого өзүнүн жакындарына жол берип жаткандыгын билдирет. Президент карапайым элдин, БШК төрайымынын коопсуздугун камсыз кылбай, өзүнүн үй-бүлөлүк мүчөлөрүнүн коопсуздугун андан бийик коюп жаткандыгы ага жакшы пикир алып келбейт.

Облустагы «Акыйкат» гезитинин кабарчысы Санжар Эралиев жогорудагы пикирлерге макул болгон жок. Үй-бүлөлүк башкаруунун бар экенине ынанбаган журналисттин оюнда кызматтан кеткендердин президент менен анын үй-бүлө, инилерине көө жапканы туура эмес:

- Бакиевдин бир тууганы болобу, баласы болобу, же инисиби ал иштегенге акысы жокпу. Анын деле үй-бүлөсү бар. Биз мунун тескери тарабын карабашыбыз керек. Мүмкүн президенттин иниси, же агасы иштеп аткан жерде кандайдыр бир коомго пайдалуу нерсе болуп аткандыр. Мүмкүн Клара айымдын өзүндө кандайдыр мүчүлүштүктөр бардыр. Бакиевдин баласына оодарып аткандыр. Экөөнү беттештирип бул маселени ачыкка чыгарыш керек.

XS
SM
MD
LG